Бишкек — Кара-Балта жолунда үч миң бак кыйылат

Бишкек — Кара-Балта жолун кеңейтиш үчүн үч миң бак-дарак кыйылып, 200дөн ашуун объект бузулат. Бийлик төрт миңден ашуун көчөттөрдү тигүүгө жана бузулган жер тамдардын ээлерине кун төлөп берүүгө убада берип жатат.

Транспорт жана жол министрлиги кабарлагандай, Чүйдүн Москва районунда Бишкек — Кара-Балта жолунун боюндагы 20дан ашык бактар кыйылган.

Жол боюндагы жалпы үч миң бактын кыйылышы пландалып жатат. Алардын ордуна бийлик төрт миңден ашуун көчөт тигүүгө убада берүүдө.

Андан тышкары, жолду кеңейтиш үчүн 200дөн ашуун объект бузулат. Ал эми ээлерине 2,2 млн доллар өлчөмүндөгү кун төлөп берүүнү убадалоодо.

Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 52 километрди түзөт.

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 100 млн доллар өлчөмүндөгү насыя жана грант бөлүп берген. Кыргызстан тараптан кошумча каржылоо 28 млн доллларды түзгөн.

Жолду оңдоо иштери менен «Чайна Рейлвей» кытай компаниясы алектенип жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: