Депутаттар ар бир балага пособие төлөп берүүнү сунуш кылышты

Эл өкүлдөрү ар бир төрөлгөн балага акча төлөп берүүнү жана үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү пособиени бекитип коюуну сунуш кылышты. Бирок ошону менен бирге эле пособие ала турган үй-бүлөнүн каржылык абалы эске алынбайт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери үч жашка чейинки балдары бар бардык үй-бүлөлөргө пособиени төлөп берүүнү сунуштап жатышат.

Ар бир үй-бүлө кирешесинен көз карандысыз түрдө бекитилген пособиени ала алат.

Депутаттар төмөндөгү үч багыт боюнча акча төлөп берүүнү сунуш кылышты:

  • жаңы төрөлгөн ымыркайга;
  • үч жашка чейинки баласы бар үй-бүлөгө;
  • 3 жаштан 16 жашка чейинки үчтөн көп балдары бар үй бүлөгө.

Демилгечилердин оюнча, бул эрежелер «жаш балдардын эрте өнүгүүсүнө» шарт түзөт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын айтымында, ар бир төрөлгөн баланын ата-энесине төрт миң сомдон акча берилип турат.

«Ар айда үч жашка чейинки балдарга 700 сомдон акча берилет. Эгер үй-бүлөдө үчтөн көп бала жашаса, алар 16 жашка чейин 500 сомдон алат», — деди ал.

Сунушталып жаткан пособиени төлөп бериш үчүн жыл сайын мамлекеттен кошумча 1,8 млрд сом талап кылынат. Азыркы кезде пособиеге деп бюджеттен 6 млрд сом бөлүнөт.

Учурда аз камсыз болгон үй-бүлө ай сайын ар бир бала үчүн 800 сомдон алат. Мамлекеттик жардам 279 миңдей балага берилет.

Буга чейин мыйзам долбоору профилдик комитетте үч окуудан өткөн.

Эл өкүлдөрү мурда энелерге балдар үчүн бир жашка чейин пособие бөлүп берүүнү сунуштап келишкен, бирок мыйзам долбоору парламентте карала элек болчу.