Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү. Буга айрым диний ишмерлердин көп аял алууга чакырган кезектеги видеосу себеп болду. Кыргызстандын мыйзамдары көп аял алууга тыюу салат.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Соцтармактарды "жарган" билдирүү

Бул жолу Чубак ажы Жалилов менен Өзүбек ажы Чотоновдун катышуусунда көп аял алууга арналган талкуу кызыл чеке талашка жем таштады. Видеотасмада ажылар көп аял алууга чакырып, муну сойкулукту азайтуу, жалгыз бой, жакыр жашаган аялдардын маселелерин чече турган сооп иш катары сыпатташты:

- Үйлөнүш керек. Эки-үч-төрт... Баатырлар бүт баары алышы керек. Кимдин колунда бар болсо алсын. Ошолор баксын. Негизи кыз багылыш керек, кичинесинде ата-энеси, анан күйөөсү, кийин балдары, - деди Өзүбек ажы Чотонов.

Интернет колдонуучулар арасында көп аял алууну кыз-келиндер арасында колдогондор да чыгууда. Каршылар арасында көп аял алам деген эркек эч качан сойкуну же жакыр жашаган көп балалуу келинди аялдыкка албастыгын айткандар болууда. Жазуучу, журналист Олжобай Шакир Фейсбук баракчасына молдолордун деңгээли ушул маселеден жогору көтөрүлө албай койгонун кейип жазды.

Укук коргоочулар менен жарандык активисттер диний чөйрөдө таасири бар деп эсептелген адамдардын маселени минтип маал-маалы менен көтөрүп жатканын кескин сындап чыгышты. Аялдар укугу жаатында жарандык активист Сумсарбек Оббо мындай деди:

- 21-кылымда ушундай маселени талкуулаганыбыз абдан өкүнүчтүү. Башка өлкөлөр өнүгүүнүн жолунда баратса, бизди үңкүрдөгү доорго сүйрөп жатышат. Эми бул коомдон упай алыш үчүн айрымдардын популисттик пикири.

Ажылардын талкуусу Назира Бегим аттуу активисттин демилгеси менен өткөрүлгөн. Ал Фейсбук баракчасында көп аял алууну мыйзамдаштырыш керек деген сунушту көптөн бери жазып келет. Турмушка чыга элек Назира өзү дагы экинчи аял болуп тийүүгө даяр экенин айтууда.

- Менден буга чейин көп жолу сурашкан. Эгерде маңдайыма жазып койсо, албетте макулмун. Анын эч кандай кылмышы жок. Мыйзамдуу кылып койсок эле баары эки аял алып жатып калат деген сөз эмес. Бүгүнкү күндө экинчи аял болуп тийип, бирок укугу корголбой жаткандар толтура. Мисалы, 10-15 жылдан бери жашап, бала төрөп берип, бирок ачыкка чыга албайт. Балдарына документ ала алышпайт.

Бактысын башкадан издеген кыздар

Минтип кыздардын өзү экинчи аял болуп тийүүгө макул болуп жатканына аялдардын укук маселесиндеги сабатсыздыгы себеп экенин айтат феминист Гүлайым Айылчы:

- Мен ыйман, үй-бүлө бүтүндүгү деген адамдар ушул суроону эмнеге көтөрө берээрин түшүнбөйм. Ал эми кыздардын макул болуп жатышы бул билимдин жетишсиздиги жана өзүнө ишенбегендик. Алар өз алдынча жанын багып кете аларына ишенишпейт. Алар бул турмушта күйөөгө тийгендер гана адам катары жашай алат деп ойлошот. Алардын билим деңгээлин көтөрүп, өзүн өркүндөтүүгө шарт түзүп бериш керек. Алардын аял турмушка чыгуу менен гана бактылуу боло алат деген оюн өзгөртүү керек. Бул коомчулуктун дагы басымы. Ата-энеси, жакындары, туугандары кыздарга "сен күйөөгө тийишиң керек, күйөөң бай болушу керек" дешет. Демек аларды бактылуулугу эмес, күйөөсүнүн абалы кызыктырат. Чоң үйү, автоунаасы, кызмат абалы маанилүү. Учурда биздин кыздардын баалуулуктары туура эмес аныкталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева көп аял алууга кескин каршы чыккан саясатчылардын бири. Ал көп аял алууга жол берилип жатышын аялдардын экономикалык көз карандылыгынан көрөт.

- Мен буга таптакыр каршымын. Биздин аялдарга жөн эле укуктарын үйрөтпөстөн, экономикалык абалын өз алдынча бекемдөөгө шарт түзүп беришибиз керек. Ишкер, башкалардан көз каранды болгон айымдарды көбөйтүү менен бирөөгө экинчи аял болууга макул болгон кыздарды азайта алабыз. Ал эми биздин өлкөдө сойкулар көбөйүп кетти, муну токтотуш үчүн көп аял алууну мыйзамдаштырыш керек дегендин өзү айымдарды басмырлоо. Сойкуларга суроо-талап болбосо алар дагы азаймак.

Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам тыюу салат. Ошентсе деле кыргыз коомчулугунда кайсы бир депутаттын, аткаминердин же белдүү ишкердин канча аялы бар экени тууралуу кептер айтылып жүрөт. Бирок кандайдыр бир мыйзам чегинде жаза чектелген учур каттала элек.

"Бирдей мамиле жасоо оор"

Маселен, Ош шаарынын тургуну Дилмурад Ишанов бир топ жылдан бери ачык эле эки аял менен жашайт. Бирок алар бир үйдө чогуу турушпайт. Дилмурад башында эки аялынын ортосунда пикир келишпестиктер болгонун жашырбайт. Ал экинчисин сооп иш катары жалгыз бой калган жакыр турмуштагы аялды алганын айтып ишендирүүдө.

- Башында алар атаандашып турушчу. Азыр андай жок, тескерисинче эртең беркиге барыңыз деп турат. Мен жаш кызга үйлөнгөн эмесмин. Мен, досторум деле ажырашкан, эри каза болуп калгандарды алабыз. Биз аларды колдоп жатабыз да.

Экинчи аял болуунун азабын башынан өткөрүп, кризистик борборлордун бирине кайрылган атын атагысы келбеген келин буларды айтып отурду:

- Мурдагы күйөөм менен ажырашып кеткем. Кийин ага жолугуп калдым. Башында аялы бар экенин айтпай эле келип жүрчү. Үйлөнөбүз деп калганда аялы бар экенин билип калдым. Аялы деле мени менен сүйлөшүп жүргөнүн билбептир. Угуп башында аялы чыр салды, мен деле аябай жаман болдум. Үч баласы бар экен. Ошентип экөөбүз менен тең эле жашай баштады. Менин туугандарыма уят болбойлу деп атып, кичине той кылымыш болдук. Бир жыл жашадык. Эки аял менен болбойт экен деп кетип калды. Менин андан бир балам бар. Бир жылдын ичинде толук үй-бүлө болуп жашай албадык. Бир күнү тиги аялына кетет, аны менен урушуп кетсе, мага келет. Ошентип ажырашып тындым. Эркектер экинчи аялды бакканын бага берет, бирок, толук үй-бүлө боло албайт экенсиң. Расмий никеге турган эмес элем. Балама документ ала албай жүрөм.

Укук коргоочулар эки аял алгандар үчүн мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин байма-бай көтөрүп, майнап чыгара албай жатышат. Алардын баамында коомчулуктун аял укуктарына маани бербестиги, аялдардын өздөрүнүн үй-бүлө институтун куруу тууралуу сабатынын төмөндүгү да көп аял алуу маселесинин байма-бай көтөрүлүшүнө шыкак берүүүдө. Анын айынан аялдар менен балдар баарынан көп жабыркап жатканын кризистик борборлорго кайрылган аялдардын көбөйгөнү далилдөөдө. Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбашева:

- Биринчи аялынын үстүнөн экинчисин алып алгандар толтура. Аялдар мындай учурда кандай абалда болушат? Катуу психологиялык жабыр тартышат. Анан ал аялдын билими да жок, үй жайы, иши жок балдары менен көчөдө калат. Бул жерде балдардын да укугу тебеленип жатпайбы. Балдар кароосуз калат. Эки аял алган эркектин аз гана пайызы аларды бага алат. Төш каккан эркектер да экөөн тең бирдей шартта кармай албайт.

Көп аял алуу демилгесин Кыргызстанда алгачкы жолу 2005-жылы юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп чыккан. Анда коомчулуктун кескин каршылыгына кабылып, муну ойноштукту мыйзамдаштыруу аракети деп, ошол кездеги айрым аткаминерлердин кызыкчылыгына байлап, айыптагандар болгон.