Кыргыз сүрөтчүсү Токтогул Сатылгановдун портретин жети мүнөттө тартты

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов манжалары менен кыргыз акыны жана комузчусу Токтогул Сатылгановдун портретин жети мүнөттө тартты. Ал жаштардын көңүлүн акындын чыгармачылыгына бургусу келет.

Койчуманов кыл калемди пайдаланбай акрил менен кара кездемеге Сатылгановдун портретин жети мүнөттө тартты.

Сүрөтчү Kloop.kgге курган маегинде сүйүктүү акыны үчүн кандайдыр бир өзгөчө нерсе кылгысы келгенин айтты.

Ал ишке толугу менен кириш үчүн атайын Сатылгановдун доорундагы кийимди кийип алган. Музыкалык коштоо үчүн ал акындын «Ордо Сахна» музыкалык коллективинин аткаруусундагы «Өмүр» күүсүн коюп алган.

Сүрөтчү 2016-жылы манасчы Саякбай Каралаевдин портретин боёк жана айрандын жардамы менен тарткан. Каралаевдин сүрөтүнө анын эки сааттай убактысы кеткен.

«Элибизде ак ыйык нерсени билдирет, айранга мамиле, дегеле ак түстөгү азыкка өзгөчө маани берилет. Саякбай Каралаев — жыйырманчы кылымдын Гомери, ошондуктан өзгөчөлөнтүп тарткым келди», — деди Койчуманов.

Койчумановдун өзүнүн «Ютуб» каналы бар, анда ал өз иштерин чыгарып турат.


ТЕМА БОЮНЧА: