Азия кубогу-2019, тандоо: Кыргызстан Индиядан утулуп калды

Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогу-2019га тандоо баскычындагы экинчи матчты Индиянын талаасында уттуруп жиберди. Талаа ээлери жалгыз топту 69-мүнөттө киргизишти.

Кыргызстандын курамасы таймаштын көпчүлүк бөлүгүндө үстөмдүк көрсөтүп турду, атаандаштарга караганда топко көбүрөөк ээлик кылып жатышканы менен топ киргизе албай жатты.

Индия 1 — 0 Кыргызстан
69’ Сунил Четри

Беттешүүнүн алгачкы мүнөттөрүндө топ көбүнчөсү ортодо болуп жатты. Командалар чабуулга көп деле шашыла беришкен жок. Оюн бир аз кызыган соң кыргыз курамасы атаандаштарынын тилкесине өтө башташты.

Кыргызстандыктар топту көзөмөлдөп жатышты, ал эми Индия курамасы контрчабуул гана кылып жатты. Командалар улам-улам кооптуу жагдайларга туш болуп жатышты.

Таймаштын биринчи бөлүгүнүн ортолорунда футболчулар жигердүү ойной башташты, бирок айлампа аяктап калганда топ кайра талаанын борбордук бөлүгүндө орун алып, көрнөк нөл-нөлдү көрсөтүп турду.

Экинчи таймда кыргызстандыктар катуу үстөмдүк кыла башташты. Биринин артынан бири атаандаштардын дарбазасына чейин чабуул коюп жатып, бирок топ киргизүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жолугушуунун экинчи бөлүгүнүн ортолорунда индиялыктардын контрчабуулу топ киргизүү менен аяктады. 69-мүнөттө талаа ээлеринин капитаны Сунил Четри эсепти ачты.

Кыргызстандыктар үмүтүн өчүрбөй Индия курамасынын дарбазасына чабуулун уланта беришти. Бирок аракеттердин баары натыйжа берген жок, топ дарбазага кирбей, индиялыктар да тырышып тосуп жатышты.

Матчтын соңуна жакындап калганда командалар кооптуу жагдайларга туш болушту, бирок бул эсепти өзгөртүүгө эч кандай таасир эте алган жок. 1:0 эсебинде Индиянын курамасы Азия кубогунун тандоо айлампасында экинчи таймаштан утуп чыгып, A тайпасынын лидери болуп калды.

Параллель өткөн Мьянма менен Макаонун ортосундагы таймашта мьянмалыктар жеңишке жетишкен.

Биринчи тандоо баскычындагы Кыргызстандын Макаону жеңиши кыргыз курамасына 3 упай алып келген. Эки жолугушуунун жыйынтыгы боюнча улуттук курама турнирдик жадыбалда 3-орунга жайгашты.

A тайпасы:

  1. Индия 6
  2. Мьянма 3
  3. Кыргызстан 3
  4. Макао 0

Ар бир тайпадан турнирдин финалына эки гана команда өтө алат.

Кезектеги жолугушууну кыргыз курамасы Мьянманын талаасында 10-октябрда өткөрөт.

Азия кубогу

Азия кубогу – Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөр ичинде эң абройлуу турнир, анын финалдык бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы өткөрүлөт.

Үчүнчү тандочу айлампада Кыргызстандын курама командасы Макао, Индия жана Мьянма менен бир топко түшүп калган.

Александр Крестининдин шакирттери ФИФАнын марттагы рейтингинде 125-сапка жайгашты.

Тандоо айлампасында Кыргызстан беттеше турган атаандаш курама командалар төмөнкү позицияда жайгашкан: Индия 132-орунда, Мьянма 172-орунда жана Макао 184-орунда.

Кыргызстан тандоо баскычында ийгиликке жетишсе улуттук курама команда өз тарыхында биринчи жолу ири континенталдык турнирдин финалдык бөлүгүндө оюн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат.