Кыргыз боксчулары эл аралык турнирде төрт коло байге утту

Астана шаарында Казакстандын президентинин кубогу үчүн бокс боюнча эл аралык турнир аяктады. Кыргызстандык боксчулар төрт коло медалга ээ болушту.

Коло байге үчүн болгон эркектердин арасындагы 49 кг салмакка чейинкилердин беттешүүсүндө Мирлан Туркбай уулу жеңишке жеткен.

52 кг салмакка чейинки категорияда коло медалга кыргызстандык Жаныбек Мусаев ээ болгон. 69 кг салмакка чейинкилердин арасында мыкты үчилтикке Адилет Батыралиев да кирген.

81 кг салмакка чейинкилердин таймашында коло медалды былтыркы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Эркин Адылбек уулу багынткан. Рио-де-Жанейродогу оюндарда Эркин 1/16 финалга чейин гана жеткен болчу.

Турнирде коло байгеге ээ болгондор 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык да алышкан.

Таймашта он өлкөдөн, Кыргызстандан, Казакстандан, Индиядан, Орусиядан, Филиппиндерден, Тажикстандан, Түштүк Кореядан, Украинадан, Монголиядан жана Ирандан жалпысынан 110 спортчу катышкан.

Эркектердин арасында таймаш он салмактык категорияда өтсө, кыз-келиндердин арасында үч олимпиадалык категорияда болуп өткөн.

Турнирде эң мыкты көрсөткүчкө Казакстандын курамасы жеткен. Алар 31 байгелүү орундарга ээ болушуп, президент Нурсултан Назарбаевдин кубогуна татышкан.

Сүрөт: AP/Vincent Thian.