Президент экономика өскөнүн белгиледи, сынчылар бул бүтүмгө макул эмес

Кыргыз мамлекет башчысы өзүнүн башкаруусундагы алты жылда бир кыйла өнүгүү болгонун жарыялады. Анын сынчылары бул бүтүмгө макул эмес.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өткөн алты жылда өлкөдө бир дагы завод-фабрика курулбаган менен ички дүң өнүм эки жарым эсе өсүп, коррупция менен күрөштүн натыйжасында бюджеттин кирешеси үч эсе жогорулаганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы өткөн жумада "Таза коом" долбоорунун бет ачарында жарыялады.

Бирок талдоочулар өлкөдөгү коррупция менен күрөштүн натыйжасында мамлекетке түштү деген каражаттын өлчөмү чындыкка коошпой турганын айтып, президенттин ал айтканын тиешелүү мисалдар менен четке кагышты.

"Чоң секирик"

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев "Таза коом" долбоорунун бет ачар аземинде "Кыргызстан соңку алты жыл аралыгында мунай-газ сыяктуу жаратылыш байлыгы жок туруп эле, күчтүү жана өнүккөн өлкөгө айланды" деп билдирди. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш эркин ишкердикти жана экономикадагы чоң өсүштү камсыздады.

"Таза коом" программасынын алкагындагы "Ачык өкмөт" демилгеси коррупциянын деңгээлин мындан дагы төмөндөтүүгө өбөлгө түзөрүн айткан президент Алмазбек Атамбаев буга чейинки жетишкендиктерге төмөндөгүчө токтолду:

- Эгерде өткөн 5-6 жылды мисалга алсак, бизде бул аралыкта ири өндүрүштүк ишканалар курулуп, мунайдын жана жаратылыш газынын кендери ачылбаган менен биз ички дүң өнүмдү эки жарым эсе көбөйтө алдык. Ошондой эле өлкөнүн кирешесин үч эседен жогору өстүрдүк. Анткени биз "Таза коомдун" принциптерин ишке киргиздик. Ал биринчи кезекте коррупция менен күрөш болду. Коррупция менен күрөш аркылуу гана биз өлкөнүн кирешесин көбөйтө алдык.

Башкы прокуратура былтыр 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгын чыгарган учурда коррупциялык иштерге байланыштуу жети жүздөн ашуун кылмыш иштери козголгонун жарыялаган. Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, козголуп, сотко өткөрүлгөн кылмыш иштеринин натыйжасында мамлекеттин казынасына келтирилген 144 миллион сомдон ашуун зыян кайра төлөнүп берилген.

Адылбек Касымалиев.

Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев былтыр укук коргоо органдары козгогон иштердин натыйжасында мамлекетке түшкөн каражаттын өлчөмү туурасында төмөндөгүчө маалымат берди:

- Былтыр укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик бюджетке 2,9 миллиард сомдун тегерегинде акча түштү. Бирок бул жерде бир эле коррупциялык иштер боюнча эмес, жалпы эле экономикалык кылмыш иштеринин жыйынтыгы боюнча ошондой каражат түшүрүлдү. Анын арасында салык жашыруу сыяктуу экономикалык кылмыш иштери бар. Ошондой эле коррупциялык же кызматтык кылмыш иштери боюнча өндүрүлгөн каражаттар дагы мына ошого кирет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгү 2011-жылы
69 миллиард сом болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 121 миллиард сомду түзгөн. Өлкөнүн жалпы ички дүң өнүмү 2011-жылы 286 миллиард сом болсо, 2016-жылкы жалпы ички өндүрүм 458 миллиард сомго барабар болгон.

Так эместиктердин талашы

Каржы аналитиктеринин жөнөкөй эсеби боюнча, ички дүң өнүм эки жарым эмес, 1,6 эсе, ал эми өлкөнүн кирешеси болсо үч эсе эмес, 1,7 эсе өскөн.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтымында, мындан сырткары бул көрсөткүчтөн реалдуу өсүштү чыгаруу үчүн алты жылдагы инфляциянын деңгээли жана сомдун кунсузданышы эсепке алынган эмес:

- Биздин президент соңку мезгилде элди алдап сүйлөгөндү жаман үйрөнүп алды. Мамлекет башчысы киреше үч эсе болду деп жатат. Бирок сандарды карап чыккан адам ага ишенбейт. Реалдуу ички дүң өнүм 458 миллиард сом эмес да. Мына ошол алты жылдан берки инфляциянын деңгээлин эске алганда, ички дүң өнүм бир канча эсе азая түшүп жатпайбы. Мына ошонун бардыгын кошо эсептеп, анан мына ошонун негизинде гана реалдуу өсүш боюнча эсеп чыгарылышы керек болчу.

Сомдун көрсөткүчү - жасалма өсүш?

Талдоочулардын айтымында, мында реалдуу өсүштү эсептеп чыгаруу үчүн 2011-жылдан 2016-жылга чейинки сомдун долларга карата кунсузданышын анализдеп, ортодогу инфляциянын деңгээлин эсептеп чыгаруу керек. Каржы аналитиктеринин эсеби боюнча 2011-жылы бир АКШ долларынын наркы 46-47 сомдун айланасында болчу. Сом 2014-жылдын аягынан тарта кескин кунсузданып, бир АКШ доллары 75 сомго чейин көтөрүлгөн. Учурда сомдун курсу бир аз турукташып, 2016-жылдан бери бир доллар 69-68 сомдун тегерегинде турат.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сомдун кунсузданышын эске алганда реалдуу өсүш мактанарлык эместигин белгиледи:

- Мында бюджеттин киреше бөлүгү 69 миллиард сомдон 121 миллиард сомго өстү дегенде бул жерде инфляциянын жана девальвациянын негизинде сомдун көрсөткүчү өстү деп түшүнүү керек. Анткени эл аралык стандарт боюнча кирешени доллар менен эсептегенде мындан алты жыл мурун деле бюджеттин кирешеси 1,5-2 миллиард доллар болсо, азыр деле мына ошол көбөйдү деп айтылган 121 миллиард сомду долларга айландырганда деле мына ошол сумма келип чыгат. Анткени сом кунун жоготту. Сомдун көрсөткүчү боюнча өсүшү болгону чын. Бирок реалдуу киреше, реалдуу өсүш болсо, анда билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу башка тармактарда маянанын, пенсиянын өлчөмү өсөт эле го. Ошондуктан муну жасалма, өзүн-өзү алдаган өсүш десек болот.

КМШнын статистика комитетинин 2016-жылдагы маалыматы боюнча Казакстандын ички дүң өнүмү жылына жан башына 25 миң, Орусияныкы 27 миң, Өзбекстандыкы 5,5 миң Тажикстандыкы болсо 2,7, Кыргызстандыкы 3000 долларга барабар болгон.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын президентинин сайты