«Ала-Тоо» кинотеатры. Сүрөт: zsoolt.

Дизайнер Алексей Лысогоров кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган 2000-жылдардагы киноафишалардын топтомун чыгарды. Колдо тартылган көрнөктөр кыргыз кинотеатрларында 2006-жылдарга чейин пайдаланылган.

«Синематика» кинотеатрлар тармагы пайда болгонго чейин бишкектиктерге жаңы тасмалардын жарык көргөнү тууралуу кулактандырыш үчүн сүрөтчүлөр кол менен көрнөктөрдү тартышчу.

Алексей Лысогоровдун оюнча, азыркы тасмалардын да колдо тартылган көрнөктөрү чыкса, фильм үчүн бул жакшы жарнама болмок.

«Көнүмүш болгон "таза" принттерге караганда көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, тамашалуу болсо да күчтүү жарнама болмок. "Инстаграмдагы" бөлүшүүлөр жана башкалар көңүл бурдуруунун кепилдиги болмок. Жарнамадан дагы эмне талап кылынмак?» — дейт ал.

Kloop.kg колдо тартылган көрнөктөр менен басмаканадан чыгарылган афишаларды салыштырып көрдү.

Азгыруу, 2001-жыл

Жалындуу каражан, 2002-жыл

Оң Бак, 2003-жыл

13-аймак, 2004-жыл

Полициянын жаңы окуясы, 2004-жыл

Изо, 2004-жыл

Жазалоочу, 2004-жыл

Улуттун байлыгы, 2004-жыл

Миллион долларлык бала, 2004-жыл

Араа: Жан сактоо оюну, 2004-жыл

Мырза жана айым Смиттер, 2005-жыл

Жылдыздар согушу: 3-эпизод — Ситхтердин өч алышы, 2005-жыл

Дэнни чынжырдагы ит, 2005-жыл

Коңгуроо 2, 2005-жыл

Фантастикалык төрттүк, 2005-жыл

Константин, 2005-жыл

Дракула 3: Мурас, 2005-жыл

13-бөлүмгө кол салуу, 2005-жыл

Пайдаланма күйөө, 2005-жыл

Дүйнөлүк согуш, 2005-жыл


ТЕМА БОЮНЧА: