Транспорт министрлиги көлчүктү асфальттайын деген кызматкерлерин иштен айдаган эмес

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов көлчүктү асфальттап оңдоого аракет кылган кызматкерлерди иштен айдаган эмес. Мурда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алардын жазаланышы керек экенин айтып, ал эми транспорт министри кызматтан кетирээрин убада кылган болчу.

Парламент отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков апрелде иштен алынышы керек болгон жолчулар Транспорт жана коммуникация министрлигинде азырга чейин иштеп жатканына нааразы болду.

«Премьер-министр өзү ошол кызматкерлердин айдалганы боюнча билдирген эле, бул тууралуу ЖМКда да жазылган. Бирок жакында эле алардын кадимкидей иштеп жатканын көрдүм. Коомчулукту же премьерди алдап койгон болуп атышабы?» — деди депутат.

Транспорт министри аларды иштеген жеринде калтырууга туура келгенин айтты. Анын айтымында, адвокаттар иштен кетирүү боюнча чечимди талашып жеңип алышкан.

«Жаан жаап атканда жол салууга болбойт, бирок алар бардык материалдык чыгымды кайтарып беришти», — деди ал.

«Фэйсбукта» 8-апрель күнү жол кызматынын жумушчусу көлчүккө чайыр куюп атканы тартылган видео тарап кеткен. Ал чуңкурду оңдоп-түзөө иштерине даярдап аткан болчу.

Видеого тартып алган аял буга кыжырданганда, чайыр куюп аткан киши жолду премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун келишине даярдап атканын айткан.

Жээнбеков жол кызматынын жумушчулары өз милдеттерин так аткарбагандыктан жазага тартылышы керек экенин айткан.

Калилов жолдун бул тилкесине жооптуу болгон беш кызматкерди жумуштан кетирүүгө убада берген.


ТЕМА БОЮНЧА: