Кыргызстанда шар саткан жети жашар Эрмектин тагдырын талкуулап жатышат. Ал чоң үй-бүлөнүн – жалгыз табышкери. Апасынын үнүн акыркы жолу ушул жылдын мартында уккан. Аял Москвага акча табам деп кеткен. Бирок азыр анын кайда жүргөнүн, эмне болгонун туугандары  деле так билбейт. Кичинекей иниси менен карындашына бир аз азык-түлүк алыш үчүн Эрмек күн сайын кечке маал  шар гүлдөрүн сатат.

Макаланын түп нускасы “Мейкин Азия” сайтында жарык көргөн.

“Шар сатып алыңыздар, сураныч, болгону 20 сомдон”, - деп кайрылат кичинекей бала ары-бери өткөндөргө.

Күндө кечинде Бишкектин түштүк кичи районундагы соода түйүнүн алдында  шардан жасалган гүлдөрү көтөргөн Эрмек пайда болот. Бул бала бүт үй-бүлөнү – майып чоң таенесин, таенесин, бир жарым жаштагы карындашын жана беш жаштагы инисин багат. Анан да апасы алган насыяны төлөйт. Үй-бүлө 8 миң сомдук эки пенсия жана Эрмек күнүнө тапкан 600 сомго жетпеген акчага жашайт.

- Үйдө жөн эле отурсаң, эч ким акча бербейт да. Үй-бүлөнү багыш керек. Таенем шарлардан гүл жасап берет, мен сатам. Эч ким айдабаса, бир кечте 30дан көп эмес шар сатам. Бир эже саат беште келип, жалгыз эле ал шар сатышы керек болгонсуп, мени кууйт, - дейт Эрмек.

Сүрөт: Sputnik, Эмил Садыров.

Бала шарларды кышында да сатат. Жети жаштагы сатуучу суук күндөрү соода начар болгонун, күнүнө 10го жетпеген гана гүл сатылганын айтат. Эрмек үйгө чуркап, ысынып алып, кайра көчөгө чыгар эле.

Таенеси Айсулуу Абдурахманова шариктен ар кандай фигура, гүлдөрдүжасашты майып-кызына келген ыктыярчылардан үйрөнгөн. Майып кызы – Эрмектин апасынын эгиз түгөйү эле.  20 жыл карап, жакында эле жерге берди. Эми өз апасы – экинчи топтогу майыпты камкордукка алган.

- Эки жыл мурун күйөө балам каза болуп калды. Үч баласы менен калган кызым Бишкекке келди.  100 миң сом насыя алып,соода менен алектенгиси келген, бирок колунан келбеди. Кредитти төлөш үчүн ноябрь айында Москвага кеткен, ошол жакта паспортун жоготуп алды. Эми же ишке орношо албай, же үйгө кайта албай жүрөт. Акыркы жолу мартта телефон чалган, азыр эмне болуп, кайда жүргөнүн билбейбиз, - дейт аял.

Эми  үй-бүлө бир жыл бою ай сайын банкка 7,5 миң сом насыя төлөөгө милдеттүү.

- Ушул 7,5 миң сомду кантип табам деп эсим кетет. Насыяны төлөш үчүн Эрмек экөөбүз кечке иштегенге мажбурбуз. Жылуу байпак, башка кийимдерди токуп, төрөт үйлөрүнүн жанында сатып көрдүм. Бирок соода болбоду, буюмдарга талап жок. Анан шар гүлдөрүн сатсын деп неберемди эрчите баштадым. Гүлдөр жакшы сатылганынан токуганды токтоттум, -дейт ал.

Каржы жетишсиздиги – бул үй-бүлөнүн жалгыз көйгөйү эмес. Быйыл Эрмек биринчи класска барышы керек, бирок аны мектепке кабыл албай жатышат.

- Үйүбүзгө жакын мектепте баланы албайбыз, анткени апасынан ишеним кат жок экен дешти. Бир кагаздын айынан бала билим ала албай калабы? Анда Эрмек окуш үчүн мен аны балдар үйүнө тапшырышым керек экен да! Бирок анын үй-бүлөсү бар, мен аны таштабайм! - дейт көз жашын төккөн таене.

Кайдыгер эмес кыргызстандык Эрмекке менталдык арифметика боюнча окуу курсуна сертификат тапшырды

Эрмектин тагдыры жарандык активист Дайырбек Орунбековдун жардамы менен бүт коомчулукка белгилүү болду. Ал бала менен көчөдөн таанышкан. 1-июнда Эрмекти майрамы менен куттуктап, флешмоб уюштурууну чечкен. Ага ылайык, Эрмектин бүт шарын сатып алуу керек эле. Кайдыгер эмес кыргызстандыктар жети жашар сатуучуну колдогону келишти. Эрмек 500 гүл шарды 20 мүнөттө сатып, 100 миң сомдон ашык акча чогултту.

Азыр Эрмектин товарын бир саатта алып бүтүшөт.

- Азыр үйгө дагы шар алып келүүгө баруу керек. 1-июндан кийин үч күн көчөгө чыкпадым. Бизге буюртма бергендер толуп кетти. Азыр жашынмак ойногум келип жатат, бирок убакыт жок. Шар сатыш керек, - дейт ал.

“Кандай кыялың бар?” деген суроого Эрмек: “Апамды көрүү” деп жооп берет.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Эрмектин апасын издей баштады. Сентябрда бала биринчи класска бармай болду. Карындашы бала бакчага кабыл алынат. Анын жоголуп кеткен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн калыбына келтиришет. Мындан сырткары үй-бүлөгө социалдык жөлөк пул чегерилет. Таенеси болсо кызынын документи калыбына келтирилип, Бишкекке кайтат деп үмүт артууда.

Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети Миграция боюнча эл аралык уюм менен бирге өлкөдөгү эмгекке тартылган балдар тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Республика боюнча 580 бала эмгектенүүгө арагасыз экени аныкталды. Анын 414 миңден ашыгы иштин айынын окууну ташташкан.