«Жихадга» чакырган кыргызча видео тарады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилинде "жихадга" чакырган видеотасмаларды иликтөөгө киришти. Соңку апта ичинде өздөрүн "можахед" атап, Сирияда "каапырларга" каршы үндөгөн бир нече видео тараган.

Макаланын түп нускасы "Азаттык" үналгысынын сайтына чыккан.

Эксперттер кыргыз тилдүү чакырыктардын көбөйүп жатышын экстремисттердин өз катарына кыргыз жаштарын тартуунун жаңы ыкмасы катары баалап, аларга каршы ушул эле ыкма менен күрөшүү керек деген кеңеш берип жатышат.

Фейсбуктагы жана Ютубдагы аккаунт аркылуу таралып жаткан видеолордун акыркысында беткапчан улан мусулмандарды кыргыз тилинде "жихадга" үндөп жатканы көрсөтүлөт. Анын жанында куралчан жана беткапчан бир топ адам турат. Арасында жүзүн жапканы да, ачыгы да бар.

Сүйлөп жаткан адам "Сирияда кыргыздар көп, алар Алланын урматы үчүн каапырлар менен күрөшкө чыкты" деп айтып жатканын угууга болот.

Өзүн Абу Худайфа деп атаган кыргыз жигит

Өзүн Абу Худайфа деп атаган кыргыз жигит

​Ушул эле баракчадагы дагы бир тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн, өзүн Абу Худайфа деп атаган адам Сириянын кайсы бир шаары деп атаган жерде журналистке окшоп жоочулар менен маектерди уюштуруп жүргөнү көрсөтүлгөн. Жогорудагы согушчанга окшоп ал дагы "жихадга" чакырган.

Кыргызстандын коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тармактар аркылуу тарап жаткан бул шектүү видеотасмаларды иликтей баштаганын "Азаттыкка" мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Жаңы видеолордун жарыяланганы боюнча кабарыбыз бар. Азыр иликтөө иштери жана жарандардын тек-жайын тактоо аракеттери жүрүп жатат.

Адистер минтип видеотасмалардын кыргыз тилинде кеңири жарыялана баштаганын экстремисттердин жаңы стратегиясы катары баалап жатышат.

Маселен, көз карандысыз эксперт, экстремизмге каршы күрөш тармагынын мурдагы кызматкери Эмил Жээнбеков буларды белгиледи:

- Видео экстремизмди таратууда өтө эффективдүү каражат болуп калды. Бул биринчиден арзан, экинчиден ыңгайлуу. Ошол себептүү азыркы экстремисттер ушуга кескин басым жасап жатат. Бул бир. Экинчиден, алар буга чейин жалаң өзбек тилинде видео таратып, көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек тектүү жарандарды азгырууга аракет жасашчу. Биздин атайын күчтөр жалаң ошол багытка каршы иш жүргүзүп, кайсы деңгээлде бууп, жаштардын агылышына бөгөт коюлган эле. Ошол себептүү алар эми атайын кыргыз жигиттерин сүйлөтүп, кыргыз жаштарын көбүрөөк тартуу аракетин күчөтүштү.

Эксперттин пикиринде мындай экстремисттик аракеттерге каршы күрөштүн натыйжалуу жолу - видеотасмаларды соцтармактардан өчүрүү, тосмолоо эмес, аларга каршы видеотасмаларды таратуу болуп саналат. Мамлекеттик мекемелер менен муфтият биргелешип экстремисттердин өз ыкмасын өзүнө каршы пайдаланып, тарбиялык чакырыктарды күчөтүү керек дейт адис.

Мындай аракеттер тынымсыз жүрүп жатканын Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев айтты:

- Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү аракеттерин тынымсыз жүргүзүп жатабыз. ЖОЖ, мектеп жана мечиттерде бул боюнча дарс окуп, семинарларды уюштуруп жатабыз. Интернетке да колдон келишинче видеолорубузду жарыялап турабыз. Ошондой эле жаштарга жалаң расмий булактар тараткан же атайын аалымдар жарыялаган роликтерди көрүүсүн эскертип жатабыз.

Кыргыз жигит Абу Худайфа

Кыргыз жигит Абу Худайфа

​Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасынын орун басары Марат Иманкулов экстремисттик чакырыктарга каршы күрөш натыйжалуу жүрүп жатканына ишенбегендердин бири:

- Маселе, ошол эле жаштарга профилактикалык түшүндүрүү иштери аздык кылып жатат. Исламды жамынып алып, экстремисттик багытты таратып жаткан уюмдар тууралуу көп жаштарда түшүнүк да жок. Анын алдын алуу мамлекеттик деңгээлде жасалбай жатат. Бул атайын кызматтын колунан да келбейт. Көп кызматтарда мындай иштер менен күрөшүүнү билбеген адамдар отурат.

Буга чейин дагы бир бетин чүмкөгөн жигиттин согуш талаасына окшош жерде, өзүн видеого тартып, туура эмес жолго түшүп алдым деп, апасынан кечирим сурап жаткан видеосу тараган.

УКМК аз күн мурдараак эле теракт жасоого аракет кылган деп эки адамды кармаган.

Исмаилов: Диний билим концепциясы боюнча иш токтоп турат

Эксперт Нурлан Исмаилов "жихадга" чакырган видеолорду диний сабатсыздык катары сыпаттады. Диний билим берүүнү реформалоо боюнча концепциянынишке ашуусу жай болуп жатканын айтып берди.

“Азаттык”: "Жихадга" чакырган видеолордун алдындагы пикирлерди окусак, көбү мунун баары эл диндин чыныгы максаттарын билбегендиктен келип чыгып жатат деп жазган экен. Сиздер баштаган топ былтыр дал ушул диний билим берүүнү реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыктыңыздар эле. Ал ишке ашып жатабы?

Исмаилов: Концепциянын долбоору иштелип чыккан. Ал эки бөлүктөн турат. Биринчиси – диний билим берүүнү реформалоо, экинчиси – жалпы билим берүү тармагына дин таануу же болбосо диндердин тарыхы деген сабакты киргизүү. Бул долбоор жалпы республиканын масштабында эксперттик талкуудан өткөн. Эгер өкмөт аны жакын арада карап чыгып, беките турган болсо, ошонун алкагында иштер жүргүзүлүшү керек.

Бирок акыркы талкуудан кийин маселе басаңдап, солгундап калгандай болуп жатат. Акыркы талкууну өткөрүп жатканда бул көйгөй өтө актуалдуудай көрүнгөн, бирок биздин мамлекеттик органдар жайыраак кыймылдап жатышат.

“Азаттык”: Ооба, бир жыл мурда бүт тараптар катышкан талкууда айрым окуу китептери өткөн жылы эле даяр болот деп айтылган экен. Ошол китептер чыктыбы?

Исмаилов: Пилоттук сабактар өтүп, алардын күңгөй-тескейи бир сыйра талкууланып, окуткан мугалимдер өз пикирин айткан. Ошонун натыйжасында жалпы окуу китеби жана окуу-методикалык көрсөтмө иштелип чыгышы керек болчу, бирок экинчи этап кичине жай жүрүп жатат.

“Азаттык”: Эмнеге себептен?

Исмаилов: Менимче, биздин кээ бир мамлекеттик органдар жана ишмерлер узакка карап, ой жүгүртө албай жатат. Перспективасын билбей жатат. Себеби, билесиз, биринчи экстремисттик толкун болгондо өтө көп иштер жүргүзүлдү, актуалдуу болду, ал эми Сирияга кеткендер толкуну сээлдеп, башка маселелер кичине басаңдап калгандан кийин экинчи планга жылып калды.

Бул биздин мамлекеттик органдардын дайыма эле кетирип жаткан катасы. Убактылуу иштешет да актуалдуулук бир аз жоголгондон кийин эле таштап салышат.

Бул өтө туура эмес. Анткени диний сабатсыздыкты жоюу жана диний окуу жайларды жалпы Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө карата стандартташтыруу – бул перспективалуу, узак мөөнөттөгү маселе. Муну жасабаса болбойт.

“Азаттык”: Акыркы жолу жумуш тобу качан чогулдуңуздар эле?

Исмаилов: Мен билгенден, кышында бир жолукканбыз. Ошондон бери жылышты байкай элекмин.

“Азаттык”: Айрым адистер “дин таанууну окутуу” жана “диндин өзүн окутуу” деген таптакыр эки башка нерсе экенин түшүнбөй жатабыз деген көз карашта. Кыргызстанда басымдуу көпчүлүк мусулманчылыкты карманганы менен Баш мыйзамда дин эркиндиги деген кепилдик бар, 100гө жакын улуттун өкүлү жашайт. Сиздер иштеп чыккан концепцияда ушул нерсе эске алынганбы?

Исмаилов: Албетте, эң майда деталдарына чейин конкреттешип эске алынган. Себеби дин таануу менен диний билим берүү экөө эки башка маселе.

“Азаттык”: Ошону түшүнүү барбы бизде?

Исмаилов: Ооба. Диний ишенимдер жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда өттү. Ал жерде так бөлүп жазганбыз.

Концепцияда бул өтө деталдуу түрдө ийне-жибине чейин тактык менен бөлүнгөн. Анткени дин таануу менен диний билим берүүнү чаташтырууга болбойт. Экөө эки башка сабак.

Дин таануу – мында жалпы мамлекеттик орто окуу жайларда киргизилүү менен диндердин тарыхы, өзгөчөлүктөрү жана жалпы адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымы каралат. Ар бир диндин, христиан болобу, ислам болобу, адамзаттын тарыхына кошкон белгилүү бир деңгээлдеги мыйзам ченемдүү салымы көрсөтүлөт.

Бала бардык диндердин өзгөчөлүктөрүн светтик көз карашта окуп үйрөнүү менен келечекте кайсы динди тандабасын, башка диндерде адамзатка пайда келтире турган ошол эле принциптер бар экени тууралуу маалымат алат.

“Азаттык”: Жанагыдай дин аралык кастыкка, согушка, бирин-бири өлтүрүүгө үндөгөндөрдүн тузагына түшүп калуудан оолак болот беле, балким...

Исмаилов: Албетте. Себеби экстремизм сыяктуу кадамдарга диний сабатсыздыгынан, дин жөнүндө маалыматы жоктугунан барып жатышат.

Сирия өңдүү согуштук аракеттер жүргөн аймактарга кеткен кыргызстандыктардын саны 600гө чамалуу экени, алардын арасында мекенине кайткандары, мерт болгондору бары тууралуу маалыматтар расмий, бейрасмий булактарда айтылып келет.