Боршайком Текебаевдин президенттикке талапкерлиги боюнча документтерди кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлиги боюнча документтерди кабыл алды. Эми БШК он күндүн ичинде Текебаевдин талапкерлигин каттоого милдеттүү.

Текебаевдин адвокаты Канатбек Азиз «Фэйсбуктагы» барагында БШК атамекенчилердин башчысын каттаганы боюнча аныктаманын сүрөтүн чыгарды.

Буга чейин БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова Текебаевдин абалын «өзгөчө» деп атаган болчу. Ал саясатчынын президенттикке талапкер катары катталып-каттала албасы тууралуу суроого так жооп бере алган эмес.

Анын айтымында, эгерде үгүт иштеринин жүрүшүндө сот Текебаевди күнөөлүү деп тапса, анда саясатчы президенттикке ат салыша албай калат.

БШК президенттикке талапкерлерди 15-июндан тарта каттай баштаган. Талапкерлерге коюлган негизги шарттардын бири колдоочулардын ичинен 30 миң кол топтоо жана 1 млн сом шайлоо күрөөсүн төлөө болуп саналат.

«Ата Мекендин» башчысы коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып жатат жана тергөө изоляторунда 26-февралдан бери кармалууда.


ТЕМА БОЮНЧА: