Чаткал: Машина дайрага түшүп кетип, эки киши набыт болду

Машина Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайрага түшүп кетти. Автомобилдин ичинде төрт кишинин экөөсү каза таап, экөө аман калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борборунун каызматкери Мая Шаимкулова Kloop.kgге кабарлагандай, 19-июнда «Ауди 100» үлгүсүндөгү автомобиль кокустан жолдон чыгып кетип, Чаткал дайрасына түшүп кеткен.

«Машинада төрт киши болгон, бир жүргүнчү менен айдоочу салондон чыгып кетишкен. Ал эми эки аял, бир туугандар окшойт, арткы отургучта отурушкандыктан чыга албай калышкан. Машина суунун агымы менен ылдый агып, алар каза болгон», — деди Шаимкулова.

Анын айтымында, набыт болгондордун биринин сөөгү ошол эле түнү табылган, дагы бир сөөктү издөө иштери уланууда.

Жалал-Абад милициясы кырсыктын жагдайларын териштирип жатат.