Видео: Премьер-министр аткаминерди даярдыгы жок болгону үчүн жыйындан кууп чыкты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду суроолорго жооп бере албаганы үчүн жемелеп, жыйындан кууп чыкты. Абдыкаров премьер-министрге жооп берүүгө аракет кылганы менен ага эч ким кулак салбай койгон.

Жээнбеков Абдыкаровду катуу жемелеп, 20-июндагы өкмөт жыйынынан кууп чыкты.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, аткаминер Ош облусунун Чоң-Алай районундагы суу жана электр менен камсыздоону кайра калыбына келтирүү боюнча отчет бериши керек болчу.

Бирок Абдыкаров суроолорго жооп бере албай, Жээнбековдун кыжырын келтирген. Андан соң премьер-министр аткаминерди жемелей баштаган.

«Элдин баары өкмөткө кантип ишенет? Суусу жок болсо, жолу жок болсо, электр энергиясы жок болсо, баарын көч деп кыстап атасыңар. Ким көчүп барат ал жакка? Кыла турган кишинин акыбалы мына, өзү билбей отурат. Мына биздин кебетебиз. Уялбайсыңбы? Чоң жыйынга, премьер-министрдин алдына келип отурасың. Чык, бар!» — деген ал.

Жээнбеков жыйынга даярдык менен келиш керек экенин айткан.

Аткаминер жооп берүүгө аракет кылганы менен аны эч ким укпай койгондон кийин ал жыйындан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен Kloop.kgге билдиришкендей, премьер-министр Абдыкаровду жыйындан «негизсиз» кууп чыккан.

«Ал даярданган болчу, аткарылган иштер боюнча доклады бар эле, болгону аны окутпай коюшту. Суроо курулуш эмес, электр жана суу менен камсыз кылуу жөнүндө болуп жатканы видеодо да көрүнүп турбайбы. Курулуш туурасында сөз болгон да жок. Биз суу чарбачылыгы менен алектенбейбиз», — деп билдиришти мекемедегилер.

Мамлекеттик курулуштун өкүлүнүн айтымында, Абдыкаров өлкөдөгү курулуш тармагына жооптуу экенин айтууга аракет кылган, бирок Жээнбеков ага кулак салган эмес.

Чоң-Алай районунда бир ай мурда бир нече күн катары менен жер титирөө катталган. 500дөн ашуун турак-жай авариялык абалга кептелген. Үч миң киши азыркы күнгө чейин чатырларда күн кечирүүдө.