Айдоочуну өлтүрөм деп коркуткан кайгуулчу кызматтан төмөндөдү

Чүй облусунун кайгуул милициясынын инспектору «ИИМдин ички буйруктарын орой түрдө бузганы жана этикалык жүрүм-турум эрежелерин бузганы үчүн» кызматтан төмөндөтүлдү. Милиционер айдоочуну өлтүрүп салам деп коркуткан болчу.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кызматтык текшерүүдөн кийин инспектор кызматынан төмөндөтүлгөн.

Мекеменин маалыматы боюнча, ал ички буйруктарды жана милиционердин этикалык кодексин «орой түрдө бузган».

«Ал кызматтык тартипти бузганы жана видеокаттоону атайылап өчүрүп койгону аркылуу белгилүү болгон», — делет мекеменин билдирүүсүндө.

ИИМ инспектор кайсы кызматка которулганын тактаган эмес, ал эми иштин материалдары юридикалык баа бериш үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн.

«Фэйсбук» колдонуучусу Таалай Жунушев кайгуулчунун орой мамилесин жана коркутканын видеого тартып алып коомдук желеге чыгарып салгандан кийин милиция териштирүү иштерин баштаган.

Анда милиционер Жунушевдин машинасын Чүй облусунун Искра айылында токтотуп, айдоочу катуу ылдамдыкта баратканын айткан, бирок радарды көрсөтүүдөн баш тарткан.

Андан кийин айдоочу телефонун алып чыгып, видеого тарта баштаган. Бирок милиционер андан телефонду тартып алып, видего тартып аткан телефонду байкабай эле чөнтөгүнө салып койгон.

Милиционер телефон видеого тартып атканын билип калгандан кийин табелдик тапанчасын чыгарып, видеону өчүрүүнү талап кылган.

Качан гана айдоочу милицияга чала баштаганда, инспектор менен анын өнөктөшү шашылыш түрдө изин жашырып кетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА:

Чүй облусу: Милиция кайгуулчунун айдоочуну коркутканын изилдейт