Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон сапарынын жүрүшүндө Орусия Кыргызстандын 240 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечти.

Кыргызстан менен Орусиянын каржы министрлери документке кол коюшту. Ага ылайык, Кыргызстандын 240 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү карызы кечилет.

«Мен сизден ар дайым чыныгы бир туугандай колдоону сезип келем. Бул, албетте, кандайдыр бир кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү жеңип чыгууга жардам берген», — деди Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда.

Бул орус өкмөтү Кыргызстандын карызын кечип жаткан алгачкы учур эмес. Эки өлкөнүн бийликтери 2012-жылы Кыргызстандын Орусияга болгон карызын жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Анда Орусия Кыргызстандын 188,9 млн доллар өлчөмүндөгү карызын кечкен. Карыздын калган бөлүгү он жылдын ичинде жоюлушу керек болчу — 2016-жылдан тарта ар жылы 30 млн доллардан.

Соңку 11 жыл ичинде Орусия Кыргызстандын жалпы 703,2 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызын кечкен.

Терроризм менен күрөш

Москвадагы жолугушууда Орусия менен Кыргызстандын президенттери аба коргонуу боюнча аймактык системаны түзүү жана аскердик чөйрөдө кызматташууну бекемдөө жаатында иштерди тездетүү боюнча да макулдашышты.

Тараптар терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча кызматташтыкты кеңейтишмекчи.

Андан тышкары, Орусия менен Кыргызстан уюшкан кылмыштуулук, коррупция, «маданий баалуулуктарга карата кылмыштуулук» менен күрөшүү жана «маалыматтык коопсуздук коркунучуна каршы аракет көрсөтүү» боюнча кызматташмакчы.