Өкмөт «Ак кеме» мейманканасын карызы үчүн конфискациялады

300дөй милиционер Бишкектин түштүгүндө жайгашкан «Ак кеме» мейманканасын курчоого алышты. Мамлекет мейманкананы 450 млн сом карызы үчүн конфискациялаган.

Видео эфир:

Бул саатка карата эң маанилүүсү

  • 300дөй милиционер Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү «Ак кеме» мейманканасын эртең мененки саат 6да курчоого алган. Ошондой эле мейманканага Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү жана сот аткаруучулар келишкен;
  • Мейманкананын бардык кызматкерлери, ижарачылары жана кардарлары имараттан чыгарылган;
  • Мейманкананын жетекчилиги бийликтин аракетин «рейдердик басып алуу» деп атаган;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, мейманкана 450 млн сомдон ашуун карызы үчүн 2012-жылы эле мамлекеттин менчигине өткөн.