Парламентте аялдардын укуктарын талкуу башталаар алдында эркек депутаттар отурумдан чыгып кетишти

Болжолдуу 80 эркек эл өкүлү аялдардын укуктарына арналган парламент отурумунан чыгып кетишти. Талкууга 15 депутат эле катышкан — алардын дээрлик баары аялдар болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктары боюнча абалды талкуулашы керек болчу. Отурумга 90дон ашуун депутат катталып, талкуу башталаар алдында 80дей эркек депутаттар отурумдан чыгып кетишкен.

Кризистик борборлор бирикемесинин директору Толкун Тулекова отурумга катышкан. Ал Kloop.kgге кабарлагандай, талкуунун темасы Кыргызстандагы аялдардын абалы болоорун угаары менен эркек депутаттар чыгып кете баштаган.

«Бул биздин депутаттардын өлкөдөгү аялдардын абалына канчалык кызыктар экенин көрсөтөт. Теманы айтаары менен эле эркек депутаттардын чыгып кеткени биздин кыжырыбызды келтирди», — деди ал.

Тулекованын айтымында, талкууга 15тей депутат калган, алардын ичинде болгону бир канча эркек болгон.

Отурумду көпчүлүк депутаттардын катышуусусуз улантышкан.

Депутат Аида Касымалиева парламенттеги эркек кесиптештеринин мамилесине нааразы болгон.

«Биз аларды жазалай албайбыз, коомдук көзөмөлгө жана коомдук уяткарууга гана үмүт арта алабыз. Бирок бул жалпысынан алып караганда мындай темаларга эркектердин мамилесинин чыныгы көрсөткүчү», —  деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Касымалиеванын айтымында, эркек депутаттардын отурумдан чыгып кетиши — алардын көптөгөн суроолорго болгон мамилесинин көрсөткүчү.

«Социалдык пособие боюнча да, социалдык суроолор боюнча да, гендердик жана балдар маселелери боюнча да, өзгөчө балдар темасында… Бирок качан гана тендер, жол, бизнес суроолору көтөрүлсө, анда эркектер ал жерде отуруп алышып, чечип добуш беришет», — деди ал.

«Таң калаарлык көз караш, эркек депутаттарды аялдар төрөбөгөндөй, алардын энеси же эже-карындаштары жоктой», — деп макул болгон Касымалиеванын пикирине депутат Наталья Никитенко.

Эркек депутаттардын түшүндүрмөсү

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Зиядин Жамалдинов Kloop.kgге түшүндүргөндөй, ага «шайлоочулары келип калып» отурумдан чыгып кеткен.

Депутат Акылбек Жамангулов да, Жамалдинов сыяктуу эле, отурумга катышпаганын «шайлоочулары менен жолугушу керек болгону» менен   түшүндүрдү. Бирок ал аялдардын укуктарына арналган кийинки талкууга сөзсүз катыша турганын Kloop.kgге убадалады.

«Шайлоочулар менен жолугушуум бар эле, мен бул тууралуу алдын ала эскерткем. Бүгүн адамдар менен жолугуштум, бирок кийинки отурумда бул теманы талкуулаганган даярмын», — деди ал.

Депутат Эмил Токтошев алдын ала жолугушуулар пландалып калганы үчүн отурумдан чыгып кеткенин айтты.

«Качан дагы кайрадан талкуулашса, мен катышам. Билесизби, бүгүн гендердик суроону саат 14кө коюп, кийин 17ге жылдырып коюшту, мен жетишпей калдым. Эгер жылдырбаганда, маселени талкууга катышат элек», — деди ал.

Спикер Чыныбай Турсунбеков. Аялдардын укуктарына арналган парламент талкуусуна катышкан эркек депутаттардын бири.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынан Табылды Тиллаев Kloop.kgге отурумга катышканын билдирди.

«Мен жумушта, отурумда болдум. Алардын, билбейм, ар кандай иштери болсо керек да. Аларды көзөмөлдөй албайсың. Кимдир бирөөнүн маанилүү жолугушуулары, пландаштырылган жумуштары болушу мүмкүн, түшүнүш керек», — деди Тиллаев.

Депутат Кожобек Рыспаев да отурумга катышканын айтты.

«Мен отурумга катыштым. Билбейм эмне үчүн кесиптештерим чыгып кетишти. Бизде тыюу жок. Алардын иши чыгып калды окшойт, жумуш көп да», — деди ал.