Сүрөт: Бишкекте катуу шамал бактарды кулатты

Бишкекте катуу шамалдан улам бак-дарактар, кран кулап түшүп, машиналарга зыян келтирди.

Саламаттык сактоо министрлиги бактын кулашынан жабыркаган бир кыз тууралуу кабарлады. Дарак анын бутун кыпчып калган. Дагы бир чоң терек маршруткага кулап түшкөн, андагы жүргүнчүлөр да жабыркаган болушу ыктымал.

Борбор калаадагы шамал эки сааттай болуп, бул убакыт аралыгында шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө бак-дарактарды, курулуш кранын, жол белгилерин кулатып, чатырды учуруп кеткен.

Айрым бактар тамыры менен чыгып кеткен болсо, кээ бири жарымынан, же кургаган бутактары сынып кеткен. «Зеленстройдун» башкы агроному Элнура Жолдошева Kloop.kgге билдиргендей, учурда адистер шамал кулаткан бак-дарактардын санын тактап жатышат.

Шопоков көчөсүндө терек эки машинаны басып калган. Автомобилдердин бири 24.kg басылмасына токтотмого 40 сом төлөп, атайын бак-дарактардан алыс жерди тандаганын айткан.

«Эми ким менин автомду калыбына келтирип берет? Эгер токтотмолор жоопкерчилик алышпаса, анда эмне үчүн алар акча алышат?» — деген ал.

Сүрөттөр: Күбөлөрдүкү, Спутник, Акипресс, 24.kg, Вечерний Бишкек