УКМК журналистти беш сааттан ашуун суракка алды

Журналист Шавкат Тургаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте беш сааттан ашуун суракка алышты. Журналисттин эл аралык «Настоящее время» маалымат порталына даярдаган материалы атайын кызматтарды кызыктырган.

Атайын кызматтардан чакырууну Тургаев 23-июнда саат 12 алып, саат 14тө сурак бериш үчүн барган.

УКМКга ал юристи жок барган, аны беш сааттан ашуун суракка алышкан. Тургаевдин айтымында, УКМКны эл аралык «Настоящее время» маалымат порталындагы анын материалы кызыктырган.

Өз сюжетинде Тургаев президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге жана укук коргоочулардын сын-пикирине карата «бет карамалык» сөздөрү туурасында баяндайт. Ошондой эле журналист БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештин Кыргызстанга иш сапары менен келгени туурасында сөз кылат. Kloop.kgге курган маегинде Шавкат Тургаев 13-июнда жарык көргөн сюжеттин ичинде эмне суракка чакырылганга негиз болгонун тактаган жок.

Өз сюжетинде журналист эмне жөнүндө айткан?