Атамбаев Кыргызстандын түштүгүндө аскердик база ачууну Орусияга сунуш кылды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын түштүгүндөгү Тажикстан менен чектешкен аймакта аскердик база ачууну Орусиянын президенти Владимир Путинге сунуш кылды. Өлкө башчысынын оюнча, ИГИЛдин таасири күчөп аткан шартта бул Кыргызстан үчүн «чыныгы жардам» болуп калат.

Атамбаев Орусияга болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча өткөргөн басма сөз жыйынында билдиргендей, Кыргызстандын түштүгүндө аскердик база ачуу боюнча Путин менен сүйлөшкөн.

«Мен Владимир Владимировичке айттым: “Эгерде силер чын эле жалпы коопсуздук тууралуу ойлонгуңар келип атса, анда биз өлкөнүн түштүгүндө алдын ала кандайдыр бир аянтчаны кура баштоого кызыкдарбыз.” […] Менин оюмча, бул жакшы вариант болмок», — деди ал.

Ошондой эле, Атамбаев Кантта учурда иштеп жаткан Орусиянын базасын күчөтүүгө негиз жок деди.

«Бишкекти кимден коргомок эле? Эгер чын эле келечек тууралуу ойлонуш керек болсо, анда Афганистандагы көрүп жаткан чоң көйгөйлөр жөнүндө ойлонуш керек», — деди Атамбаев.

Анын белгилешинче, Орусия Кыргызстан үчүн «чыныгы жана ишеничтүү өнөктөш» болуп эсептелет.

Бирок Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Атамбаев орусиялык аскерлердин кыргыз-тажик чек арасына жылдырылышы боюнча талкууладыбы-жокпу деген журналисттердин суроосуна жооп берген эмес.

Мурдараак Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан тараптан «террористтик коркунучтардын» жаралып жатышына байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда аскердик базалардын күчөтүлүшү тууралуу билдирген.

Орусия Кыргызстандын аймагында бириккен аскердик базага ээлик кылат. Ага Канттагы аэродром, Ысык-Көлдөгү аскердик деңиз базасы, Майлуу-Суудагы сейсмикалык институт жана Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: