Баткен: ӨКМнин куткаруучусу шахтада газдан ууланып каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу Баткен облусунун Самаркандек айылындагы көмүр шахтасында газдан ууланып көз жумду. Дагы бир куткаруучу оор абалда ооруканага түшкөн.

ӨКМнин эки куткаруучусу 26-июнда шахтада өрткө каршы тосмолорду орнотуп атышкан. Ал жерде 5-июнда газдын сызылып чыгышынан өрт чыккан болчу.

Газдан ууланып көз жумган куткаруучулардын бири Исфананын 30 жаштагы тургуну болгон. Дагы бири оор абалда Баткендин ооруканасына жаткырылган.

«Окуянын себептерин тактоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Шахтаны вентиляциялап, анан ал жерде ишти уланта беришсе керек», — деди ӨКМнин өкүлү Kloop.kgге курган маегинде.


ТЕМА БОЮНЧА: