Камилла Шаршекеева президенттик жарышка катышат

Борбордук Азиядагы Америка университетинин негиздөөчүсү жана мурдагы билим берүү министри Камилла Шаршекеева БШКга президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз жазды.

Шаршекеева Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылдын октябрь айында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Ал укук коргоочу Рита Карасартовадан кийин президенттикке ат салыша турган экинчи аял талапкер болуп калды.

Ал шайлоого катышкысы келгенин ушул жылдын март айында билдирген болчу.

Камилла Шаршекеева — мурдагы билим берүү министри жана БААУнун негиздөөчүсү. Фрунзе шаарында 1957-жылы туулган. Москва мамлекеттик педагогикалык чет тилдер институтунун 1979-жылы аяктаган.

Өз эмгек жолун ал 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим катары баштаган. 1993-жылы анын демилгеси менен кыргыз-америка ишкердиги факультети ачылып, ал жерде Шаршекеева төрт жыл декан болуп иштеген.

Ал 1997-жылы БААУну негиздеп, учурда Борбордук Азиядагы эл аралык университеттин ректору болуп саналат. Ошондой эле 2001-2002-жылдары билим берүү министри кызматын ээлеген.

Президенттикке дагы кимдер ат салышууда?

Шаршекеева президенттик кызматка ат салышып жаткан экинчи аял талапкер болуп калды. Мурдараак укук коргоочу Рита Карасартова шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган.

Алардан тышкары талапкер катары «Ак шумкар» саясий партиясынын башчысы Темир Сариев жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен камактагы оппозициячы Өмүрбек Текебаев, «Кыш болбойт» меминин автору Арстанбек Абдылдаев жана «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов Боршайкомдон каттоодон өтүшкөн.

Президенттик шайлоого катышкысы келгенин учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдиришкен. Президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун талапкерлигин мурун колдогон, КСДПнын 15-июлда өтө турган съездинде азыркы премьер-министр президенттикке көрсөтүлүп калышы ыктымал.

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-августка чейин созулат.


ТЕМА БОЮНЧА: