Ысык-Көл: Айдоочу эки кайгуулчуну коюп кетти

«Субару Форестер» машинасынын айдоочусу эки кайгуул милиция кызматкерин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында коюп кетти. Бир инспектор оор абалда ооруканада жатат, дагы биринин сынган жерлери бар.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Видеодо үрөй учурган кадрлар бар. Терс таасири тийип калат десеңиз, көрүү сунушталбайт.

ИИМдин басма сөз борборунан Kloop.kgге кабарлашкандай, КМБнын кызматкерлеринин машинасына «Субару Форестер» автомобилинин айдоочусу келип тийген.

«Алар өз ишин аткарып, жолдун четинде жөн гана турушкан», — деди Kloop.kgге ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Окуяга күбө болгондордун белгилешинче, «Субарунун» айдоочусу башка машина менен кагылышуудан качып атып, кайгуулчулардын автомобилин келип сүзгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинованын айтымында, КМБнын бир кызматкери боору жарылып, колу-буту сынып, ооруканага жаткырылган. Азыр ага операция жасалып жатат.

Айдоочу да ооруканада жатат. Милиция кырсыктын жагдайларын териштирүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: