Бишкек: «Нарын» ресторанынын аймагындагы жер 5,5 млн долларга сатылууда

Фрунзе менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Нарын» ресторанынын айланасындагы жер «ШАШЫЛЫШ» деген тиркеме менен сатыкка коюлду. Буга чейин бийликтегилер кароосуз калган ресторанды сүрдүрүп, ордуна көп кабаттуу кеңсе имараты салынаарын пландап жатышкан.

Кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча интернет сайтында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жерлер сатылат деген маалымат жарык көрдү. Алардын арасында «Нарын» ресторанынын аймагындагы жер да бар.

Жер 5,5 млн долларга бааланган. Риэлтордун айтымында, 1,3 гектарды түзгөн жер аянты анын сейсмологиялык туруктуу жерде орун алгандыгын эске алганда незинен 10 млн доллар турат.

«Ал жакта жертөлө бар. Аны Леонид Брежнев келет деп курдурушкан экен, бирок белгисиз себептерден улам ал келген эмес. Бул укмуштуудай сунуш. Кызыл китеп, бардык документтери бар», — деди кыймылсыз мүлк адиси.

Мурдараак шаардык бийликтегилер, жеке инвесторлор курулушту сүрдүрүп ордуна кеңсе имараты курулаарын айтышкан. Ресторандын имаратын сүрдүрүү боюнча маселе мурда бир канча ирет көтөрүлгөн.

«Нарын» рестораны XX кылымдын 80-жылдарында курулган. 2005-жылы март айында бийлик алмашкандан кийин аталган имарат колдон колго өтүп келген.

Имарат түнкү клуб, казино катарында пайдаланып келген, кийинчерээк бош калган — соңку он жыл аралыгында кароосуз бойдон турат.

Которгон: Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: