Кайгуулчуну сүзгөн айдоочуга кылмыш иши козголду

Чолпон-Атада кайгуул кызматкерлерин коюп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Тартип кызматкерлеринин бири ооруканада жан берип, төрт баласы атасыз калды.

ИИМдин маалыматына караганда, «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автомобилдин 26 жаштагы айдоочусу кармалып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Медициналык экспертиза анын соо абалда болгонун аныктаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 28-июнь күнү Чолпон-Атада (Ысык-Көл облусу) «Субару» атоунаасынын айдоочусу алдына чуркап чыккан адамды буйтап өтөм деп жолдун жээгине чыгып кеткен. Айдоочу ал жерден эки кайгуул кызматкери менен алардын кызматтык унаасын кошо жире сүзгөн.

Кайгуулчулардын бири алган жарааттарынан улам бейтапканада көз жумган. Экинчи кызматкер биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканага жатуудан баш тарткан.

«Ал көп деле жабыр тарткан эмес, болгону кырсык болгондо дендароо абалда калган», — деди милиция кызматкерлери.

Милиционер Нурмат Медеров. Сүрөт: ИИМ.

ИИМ башкармалыгы кайтыш болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Милициянын прапорщиги Нурмат Медеров үй-бүлөлүү, 35 жашта болгон. Артында төрт баласы калды.

Милиция кызматкерин жерге берүү зыйнаты 30-июнга белгиленип, сөөгү Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылына коюлат.

Которгон: Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: