Текебаевдин иши: Негизги күбө Маевский көрсөтмө берди

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча негизги күбө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алгачкы көрсөтмөсүн берди. Орусиялык ишкер Леонид Маевский «Мегаком» уюк операторун башкаруу үчүн Текебаевге 1 млн доллар бергенин дагы айтты.

Оппозициячы Текебаевге каршы кылмыш иши 2017-жылдын февраль айында козголгондон кийинки Маевскийдин алгачкы жолу сот залында сүйлөп жатышы.

Сот отурумунда Маевский сүйлөшүүлөр кандай жүргөнүн жана «Мегакомдун» үстүнөн көзөмөлдү колго алыш үчүн Текебаевге кантип акча бергени боюнча өз версиясын айтып берди.

Орусиялык ишкердин айтымында, Текебаев Убактылуу өкмөттүн башчыларынын бири болуп турган кезде ага «Кыргызстандын базарына кирүү билети үчүн» акча төлөш керек экенин айткан.

Орусиялык ишкер Леонид Маевский оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча көрсөтмө берди.

Ишкердин көрсөтмөсүнө ылайык, Маевский менен Текебаевдин сүйлөшүүлөрү 2010-жылдагы революциядан кийин эле май айында башталаган.

Маевский Текебаев менен бир нече жолу саясатчынын Өкмөт үйүндөгү бөлмөсүндө жана ресторанда жолугушканын айтты.

«Мени принципсиздик таң калтырды. Биз ресторандан чыгып, суунун жанындагы көпүрөдө турганда мага Текебаев эгер мен "Мегаком" компаниясын ала турган болсом, анда Кыргызстандын базарына кирүү акысын төлөшүм керек экенин айтты», — деди Маевский сотто.

Маевскийдин айтымында, андан соң ал Москвага барып, өз командасы менен эсебин чыгарып, Текебаевге бир миллион доллардан ашык эмес каражат төлөй ала турганын такташкан.

«Мен Текебаев менен Чотоновго бир миллион доллар берүүгө даяр экенимди айттым. Алар ал жерге менин башкы директорум Алексей Модинди коюш керек эле. [...] Модин сунушту кабыл алып, командасын түптөй баштады», — деди Маевский.

Орусиялык ишкердин көрсөтмөсүнө ылайык, ал акчаны Текебаевге эки бөлүп берген. Биринчи 300 миң долларды Маевский Текебаевге Алексей Модин аркылуу берген. Калган сумманы Маевский Текебаевдин өкүлүнө өз колу менен евро валютасында тапшырган.

«Акча которууну жеңилдетүү үчүн 500 евро номиналына өткөрүүнү чечтик. Мен өз эсебимден акчаны чыгаргандан кийин, Текебаевдин адамы келди. […] Эртеси күнү Текебаев акчаны алгандыгын тастыктап, Кыргызстандын базарына кирүүгө даярдык көрүүнү айтты», — деди Маевский.

Маевскийдин айтымында, акча бергени боюнча бардык документтер тергөөчүлөрдө бар.

Орусиялык ишкердин кошумчалашынча, кийинчерээк анын Текебаев жана Чотонов менен байланышуусу оорлошуп, натыйжада саясатчылар өз бүтүмдөрүнүн шарттарын орундатышкан эмес.

Леонид Маевскийдин басма сөз жыйыны:

Соттук отурумдан тексттик трансляция: