«Мегаком» жана «Билайн» 58 миллион сом штрафка жыгылды

Мамлекеттик монополияга каршы агенттик «Мегаком» жана «Билайн» уюк операторлору түйүндөр аралык байланыш үчүн кызматтын баасын эки эсе көтөргөндүгү үчүн штрафка жыкты. Салынган штраф республикалык бюджетке которулат.

Монополияга каршы кызмат «Мегаком» жана «Билайн» компанияларын 58 миллион сом айыпка жыкты. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мобилдик байланыш компаниялары өз ара көмүскө келишимде болушкан.

Мекеменин белгилешинче, операторлор өз ара келишим түзүп алгандыктан улам алардын ортосундагы уюк байланышка болгон баа эки эсе жогорулап кеткен.

Мындай көрүнүш «атаандаштыкка каршы келишим» деп саналат. Башка байланыш операторлору менен келишимдин шарттары бузулган эмес.

Байланыш операторлоруна «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамды бузушкан деген күнөө тагылган.

Кыргызстанда монополияга каршы мыйзамдардын бузулганы боюнча алгачкы ирет жоопко тартышууда. Аталган кызмат мындан ары дагы «Атаандаштык жөнүндөгү» мыйзамдарды бузгандарга «катуу чаралар» көрүлөөрүн белгиледи.

58 миллион сом өлчөмүндөгү штраф республикалык бюджетке өткөрүлүп берилет.

Байланыш операторлору Монополияга каршы агенттиктин санкциясы боюнча үн ката элек.

Которгон: Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: