Ташиев соттун чечими менен Турсунбековго 50 миң сом төлөп берди

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков басма сөз жыйынында билидиргендей, мурдагы депутат Камчыбек Ташиевди соттон утуп чыккан. Ташиев 2012-жылы парламент сессиясында спикерди коррупция боюнча күнөөлөгөнү үчүн андан кечирим сурап, 50 миң сом төлөп берди.

Парламенттин VI чакырылыштагы сессиянын жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында, Турсунбеков Ташиевге каршы өткөн сотто утуп чыкканын билдирди.

«Сотто мен уттум, Камчыбек Ташиев менден кечирим сурап аталган сумманы төлөп бергенге аргасыз болду»,— деди ал.

2012-жылы Ташиев парламенттин жыйынында Турсунбековду ири суммадагы пара берип, арак-шарап чыгарган заводду сатып алган деп күнөөлөгөн.

Анда Турсунбеков жалган маалымат үчүн аны сотко бергенден кийин, бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия Ташиевдин сөзүнө далил таба алган эмес.

Ошондой эле басма сөз жыйынында парламенттин спикери өзүнүн президенттик жарышка барышы мүмкүн экенин айтты — ал өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: