Жалал-Абад: беш миң окуучу жараксыз күбөлүктөрдү алышты

Жалал-Абад облусунда мектеп окуучулары аты-жөнү туура эмес жазылган аттестаттарды алышкан. Анын натыйжасында миңдеген бүтүрүүчүлөр орто билимди тастыктаган документсиз калышкан.

Ката жазылган аттестаттардын айынан Жалал-Абаддын беш миң окуучусу жогорку окуу жайга тапшырууга үлгурбөй калуу алдында турат.

Мектеп мугалимдери документти июль айынын ортосунда берилээрин айтышууда.

Билим берүү министрлигинде аттестаттарды жогорку окуу жайга документтерди кабыл алуу башталганча оңдолуп бүтөөрүн айтышууда.

«Билим берүү жана илим министрлигинде бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарында техникалык мүчүлүштүктөр кеткенин билдирүүдө. Аталган документтерди алмаштыруу иштери жүруп жатат. Биз жогорку окуу жайга кабыл алуу башталганча документтерди жаңылап беребиз. Бул эч кандай кыйынчылыктарды жаратпайт», — деп айтты министрликтин маалымат катчысы Айзура Чыкынова.

Облустук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов жараксыз болуп калган аттестаттар үчүн басмакана күнөөлүү экенин айтты.

«Бул жерде мугалимдердин, мектеп директорлорунун же райондук билим берүү мекемелеринин күнөөсү жок. Алар бардык документтерди тактап билим берүү министрлигине жөнөтүшкөн. Тамгалардагы катаны басмаканада кетиришкен. Типография күнөөнү мойнуна алып, аттестаттарды кайра басып чыгарууда. Алардын жарымы келди, учурда райондордо тарата баштадык», — деди Токтосунов.

2017-жылдан тартып мектеп күбөлүктөрүн «Тартип» компаниясы даярдап келет.  

Типография бир гана мектеп окуучуларынын аты-жөнүн ката кылбастан, «Кыргыз Республикасынын» дегенде акыркы тамгасын жазбай коюшкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: