Базар-Коргон: «Экстремисттик материалдарды» сактаганы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

ИИМ 10-башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда «экстремисттик материалдарды» сактаганы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды.  Ал «Хизб ут-Тахрир» уюму менен байланышта деп шектелүүдө.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, кармалган адамды тинтүүгө алганда андан «экстремисттик баракчалар» табылган. Учурда депутат убактылуу абакта кармалууда.

Мекеме кармалган депутаттын тек-жайын жана андан кандай багыттагы документтер табылганын ачыктаган жок. ИИМ кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Кыргызстандагы «Хизб ут-Тахрир»

Күч органдары аталган уюмга байланышы бар адамдарды биринчи жолу кармап жатышкан жок.

2016-жылы Ошто күч органдары «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын башчысы Шаираны кармашкан.

ИИМдин маалыматы боюнча аялдан «экстремисттик баракчалар» табылган, ал Ислам малекетинин баракчалары менен үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учурда колго түшкөн.

2015-жылы Жалал-Абад телеканалынын кызматкери уюмдун саясатын жайылтууда деп шектелген.

Телеканалдан кыргыздардын тарыхын чагылдырган 25 мүнөттүк тасма көрсөтүлгөн.

Тасма коомчулукта улуттар аралык жаңжалды козута турган тексттер менен коштолуп, соңунда фильмди «Хизб ут-Тахрир» уюму даярдаган деп жазылган.

Уюм 1953-жылы түптөлгөн, ал эл аралык панисламисттик партия.

«Хизб ут-Тахрир» «акыйкат ислам жашоо шарты» менен ислам мамлекетин орнотууну максат коёт.

Кыргызстанда уюм диний-экстремисттик деп табылып, анын ишмердигине тыюу салынган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: