Ысык-Көл: Атайын кызмат «Рух-Ордодон» бомба тапкан жок

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух-Ордо» маданий борборундагы бомба тууралуу маалыматтан соң милиция аны курчоого алды. УКМКнын кызматкерлери сейил бактын аймагын тинтүүгө алып, жарылуучу зат табышкан жок. Коопсуздукту тастыктоо үчүн ал жакка саперлор чакырылды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге билдиргендей, коюлган бомба тууралуу анонимдүү маалымат 2-июль күнү таңкы саат алтыда келип түшкөн. Маданият борборго УКМКнын адистери чакырылган.

«УКМКнын кызматкерлери тарабынан алдын-ала текшерүү иштери жүргүзүлгөн, бирок эч кандай шектүү зат табылган эмес. Кошумча текшерүү иштерин жүргүзүүгө Бишкектен саперлор жолго чыгышты, алар келген маалымат жалган экенин тастыктоолору керек», — деди ал.

Күч органдары бир гана маданий борборун эмес, жакынкы аймактарды да курчоого алышты.

Качан гана саперлор аймак коопсуз экенин тастыкташкан соң курчоо алынат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: