Алай: Дарыгерлер тобу кырсыкка учурап, бир адам жан берди

Ош облусундагы Алай районунун Жалгымыш айылында дарыгерлерден турган топ кырсыкка учурады. Анда 23 жаштагы тиш доктур каза таап, эки медкызматкер жабыркады.

Жол кырсыгы кечки саат алтылар чамасында Жалгымыш айылынын аймагында катталган.

«Ауди А6» автоунаасында төрт жаш медик болгон, алар Медиктер күнү майрамынан кайтып келе жатышкан.  

Патрулдук милициянын маалымат кызматы Kloop.kgнин кабарчысына айдоочу унааны башкара албай калгандыктан тоголонуп кеткенин айткан. Кырсыктын чоо-жайын такташ үчүн техникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Унаанын 1994-жылы туулган айдоочусу алган жараттарынан улам көз жумган. Кайтыш болгон адам райондун үй-бүлөлүк медицина борборунда тиш доктур болуп эмгектенчү.

Жарат алган эки адам ооруканага жеткирилип, дагы бир жүргүнчү үйүндө дарыланып жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: