Башкы прокуратура «Азаттыкка» каршы экинчи доо арызды кайтарып алды

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намыс жана кадыр-баркына байланыштуу «Азаттык» үналгысына каршы берилген доо арызды кайтарып алды. Сотто жалгыз жоопкерчилик тарткан «Заноза» онлайн-басылмасы гана калды.

Бишкектин Ленин райондук сотунда башкы прокуратуранын «Азаттык» жана «Заноза» маалымат каражаттарына каршы жыйыны өттү, анда прокурор Руслан Абдырахман «Азаттык» үналгысына каршы доо арызды кайтарып алды. Сот айыптоочунун сунушун кабыл алды.    

Бул доо арыз боюнча жалгыз жоопкерчилик тарта турган «Заноза» маалымат каражаты гана калды.

Башкы прокуратуранын эки маалымат каражатына арыз берүүсүнө алардын Өмүрбек Текебаевдин Кипрге болгон сапары жөнүндө макала чыгарганы негиз болгон, анда саясатчы президенттин ал жакта бизнес кызыкчылыктары бар экенин айткан.

Башкы прокуратура, басылмаларды «президенттин ар-намысына жана кадыр-барыкына» шек келтирет деп эсептеген. Көзөмөл органы «Азаттыктан» —  10, «Занозадан» — 3 миллион сом талап кылган.  

Башкы прокуратура 2017-жылдын май айынын аягында «Азаттыктан» биринчи доо арызын кайтарып алган, анда Атамбаев көзөмөл органына басылма менен соттошпоону кеңеш кылган. Президенттин түшүндүрүшүнчө доо арыздардан кийин «Азаттык» «тең салмактуу» материалдарды чыгара баштаган.      

Атамбаев доо арызды «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кент менен жолугушкандан кийин, бир жарым айдан соң кайтарууну сунуштаган. Жолугушуунун жыйынтыгы ачыкка чыккан эмес. Анда Атамбаев Томас Кентке Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары «ачык жана бейтарап» иштеши керек экенин айткан.  

Соттук териштирүүлөр учурунда «Азаттык» радиосунун директору Султан Каназаров кызматынан кетип, анын ордуна Айзада Касмалиева келген.

Сот «Занозага» каршы доо арыздардын үчөө боюнча чечим чыгарган. Эми үчүнчү өкүмдөн кийин Маслова, Айып жана маалымат каражаты өлкө башчыга жалпы жонунан 21 миллион сом төлөп бериши керек.  

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: