Германия курамасы — Конфедерация кубогунун жеңүүчүүсү

Конфедерация кубогунун финалында Германия Чилинин курамасын 1:0 эсебинде жеңди. Турнирдин колосун Португалия алды, ал КОНКАКАФ кубогунун ээси болгон Мексиканы 2:1 эсебинде жеңип алган. Турнирдин жыйынтыгы боюнча маалыматты биздин макалада окуңуздар.

Учурдагы дүйнө чемпиону финалда Түштүк Американын Чили курамасын жеңди. Оюнда жалгыз голду Ларс Штиндль киргизди.

Матчта коло медал үчүн Европанын чемпиону Португалия, Түндүк жана Борбордук Американын чемпиону — Мексика курамасы менен беттешти. 120 мүнөттүк оюндун жыйынтыгында португалиялыктар күчтүүрөөк болуп чыгышты.

Байгелүү орундарды кийинки өлкөнүн курамалары өз ара бөлүшүп алышты:

Алтын — Германия
Күмүш — Чили
Коло — Португалия

Германия — Чили беттеши

Оюндун биринчи мүнөттөрүндө чилиликтер абалды өздөрүнүн көзөмөлүнө алып, бир канча ирет топ киргизип, оюндун эсебин ачканга аракет кылышты.

Бирок 20-мүнөттө германиялыктар Чилинин коргоочусу Марсело Диастын катачылыгынан пайдаланып, биринчи эле сокку менен алардын дарбазасына топ киргизип, эсепти 1:0 кылды.

Чилиликтер улам чабуулга чыкканы менен германиялыктардын коргонуусу бардык жактан күчтүү болуп турду.

Антонио Пиццинин командасына топ киргизгенге мүмкүн болгон жок, бирок «бундестагдын» дарбазачысы Марк-Андре Штегендин мыкты оюн көрсөткөнүн белгилей кетүү керек, ал жыйынтыгында матчтын мыкты оюнчусу аталды.

Чилиликтер эки чабуулчунун, эки чабуул кылган жарым коргоочусунун жана эки вингеринин катуу аракеттерине карабастан, оюндун эсебин теңдей алышкан жок.

Кызыктуу факт: Орусиядагы футбол оюндарына Германиянын абдан жаш курамасы келген. Мисалы: Йоахим Левдин орто жашы — 24 жаш 5 ай.

Португалия — Мексиканын беттеши

Оюндун 17-мүнөтүндө калыс Мексиканын дарбазасына пенальти жарыялап, Мексиканын алдыга чыгышына шарт түзүлдү. Бирок белгиленген жерге келген Андре Силва мүмкүнулүктөн пайдалана алган жок, Мексика курамасынын дарбазачысы Гильермо Очоа топту тосконго жетишти.

Бирок оюндун эсебин баары бир Португалия ачты. Команданын коргоочусу Луиш Нету 55-мүнөтттө өзүнүн дарбазасына топ киргизди — 0:1.

Эсеп беттешүү убактысынын аягына чейин сакталды. Бирок кошумча берилген убакытта португалиялык Пепе Рикарду Куарежма тоскон дарбазага кол киргизип эсепти теңдей алды — 1:1.

Негизги убакыттагы тең эсеп командаларга эки кошумча убакыт берди. Арбитр 104-мүнөттө мексикалыктардын дарбазасына пенальти жарыя кылды. Белгиленген жерге Португалия курамасынын коргоочусу Адриен Силва келип, атаандашына ишеничтүү топ киргизди — 2:1.

Таймаштын соңунда эки команда тең бирден оюнчуларын жоготушту. 106-мүнөттө калыс португалиялык Нельсон Семеданы оюндан чыгарса, 112-мүнөттө трибуналык бөлмөгө мексикалык Рауль Хименес кетти.

Өзгөчө байгелер

Германия курамасынын капитаны Юлиан Дракслер «ФИФАнын алтын топ» ээси жана 2017-жылдагы Конфедерация кубогунун мыкты оюнчусу аталды. Коло жана күмүш «топторун» Алексис Санчес менен Леон Горецка алышты.

«ФИФАнын алтын кол кабын» турнирдин мыкты дарбазачысы жана Чилинин голкипери Клаудио Браво алды. Жарым финалдык таймашта чилиликтер Португалия курамасынан бардык үч пенальтини тең ала алган.

«ФИФАнын алтын бут кийимин» турнирдин эң мыкты оюнчусу аталган Германия курамасынын чабуулчусу Тимо Вернер алды. Анын эсебинде үч жолу киргизилген топ жана дарбазага киргизилген топ өткөрүү бар.

Конфедерация кубогу — футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдыктын белгиси. Ал төрт жылда бир мундиаль кожоюнунун өлкөсүндө өтөт. Кубокту континенттер жана дүйнө чемпиондору уюштурат, турнир кабыл алып жаткан өлкөдө өтөт.

Бул жылы Конфедерация кубогу 17-июндан тартып 3-июлга чейин Орусияда өттү.

Сүрөт: FIFA, Getty

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: