«Adidas» жана «Reebok» Кыргызстанга жасалма продукциялардын киришине бөгөт коюуну талап кылууда

«Adidas» немец корпорациясы менен анын «Reebok» туунду компаниясы Кыргызстанга алардын башкадан көчүрмө эмес өндүрүмдөрү киргизилишин талап кылды.

Бажы кызматы дүйнөлүк «Adidas», «Reebok» жана «Tango» бренддеринин кайрылуусун карап чыгып, алардын өндүрүш белгилерин интеллектуалдык менчик реестр тизмесине кошот.

Бул деген аталган компаниялар Кыргызстандын бажы кызматына өзүлөрүнүн өндүрүштөрүнүн талапка жооп берген тийиштүү мүнөздөгүчтөрүн тапшыра тургандыгын билдирет. Мындай жол менен бажы көзөмөлүндөгү кызматкерлер контрабанданын өтүшүнө бөгөт коюуга жеңил болот.

Көбүнчө дүйнөлүк бренддердин жасалма түрү Кыргызстанга Кытайдан кирет. Кытай Кыргызстанга товар ташыган негизги өлкөлөрдүн бири.

Эгерде компаниялардын арыздары кабыл алынса, жасалма товар ташыгандардын саны азыйышы мүмкүн, ал эми компаниялар тарабынан сатылган лицензиялардын саны көбөйөт.

Азырынча бажы кызматы жасалма товарлардын өлкөгө кирүүсүн эски ыкмалар менен тыюу салып турат.

Сүрөт: Flickr.com / Alex Quelroz.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: