АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни кызматынан кетүүдө

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни эки жылдык кызматынан кийин Кыргызстандан кетүүдө. Ал кызматтан кетүүсүн Калифорниядагы жашаган үй-бүлөсүнө кайтууну каалап жатканы менен түшүндүргөн.

Гуолтн кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу Бишкекте АКШнын эгемендигин майрамдоо учурунда айткан.

Анын айтымында, 33 жыл өзүнүн өлкөсүнө кызмат өтөгөн соң Калифорния штатындагы үй-бүлөсүнө кайтууну каалоодо.

«Үй-бүлөгө болгон сүйүү кыргыз элиникиндей эле, америкалыктар үчүн дагы маанилүү, ошондуктан мен билем сиздердин менин үй-бүлөмө кайтуу себебимди түшүнөсүздөр», — деди ал.

Гуолтни айткандай, Кыргызстан анын жүрөгүндө болот жана дайыма сагынат.

«Кыргыз элинин өзгөчө меймандостугу менен жакшылыгы дайым менде кала берет. Мен баарыңарды сагынам, бирок мен билем, силер үй-бүлөнүн жанында болуу кандай экенин түшүнөсүңөр», — деди ал.

Элчи Кыргызстандан бир нече аптадан соң кетүүгө камынууда.

Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчилик кызматын, 2015-жылдын июнунда баштаган. Кыргызстанга келгенге чейин ал Орусиянын Крымды аннексиялап алуу жана орус-украин чыр-чатагы учурунда АКШнын Москвадагы элчилигин башкарып турган.

Гуолтни Кыргызстанга келгенде 2015-жылы кыргыз өкмөтү АКШ менен болгон кызматташтык жөнүндө базалык келишимди жокко чыгарган.

Бул кырдаал АКШнын мамлекеттик департементи өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык бергенден кийин жаралган.

Бирок ноябрь айында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга келгенде тараптар жаңы келишим программасы тууралуу сүйлөшүшкөн.

Сүрөт: АКШ элчилигинин Кыргызстандагы сайты.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: