УКМК коомдук желенин колдонуучусуна «улут аралык кастыкты козутканы» үчүн кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын күч органдары «Вконтакте» коомдук түйүнүнүн колдонуучусуна кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал башка улуттагы адамдар менен өлкөнүн символикаларына карата «жагымсыз мамилесин» камтыган жарыяларды бөлүшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Вконтакте» коомдук түйүнүнүн «Ахмад Асадуллаев» аттуу колдонуучусуна карата кылмыш ишин козгоду — бул туурасында 5-июль күнү белгилүү болду.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Асадуллаев» өлкөнүн символикалары менен башка улуттардын дарегине терс ой-пикир камтыган маалыматтарды жайгаштырган.

Күч органдары аныктагандай, «Ахмад Асадуллаев» деген каймана ат менен башка А. Дж. аттуу адам катталган.

Филологиялык-саясий экспертиза аныктап чыккандай, шектүүнүн жазууларында улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар бар.

Кылмыш ишин ачууга коомдук желенин башка колдонуучусу, активист Асейин Саралаевдин арызы негиз болгон. Ал «Асадуллаевдин» жазмаларынын скриншотун сактап алып, өзүнүн баракчасына бөлүшүп, күч органдарын көңүл бурууга чакырган.

Саралаевдин сактап алган сүрөттөрүнүн биринде «Асадуллаев» кыргыз желеги анын үйүндөгү кире бериште бут тазалама катары салынып турганын жазган. Башка сүрөттө кылмышка шектүү эмне үчүн мен кыргыз тилин, кыргыз кыздарын сыйлашым керек, эгерде «кыргыздар өздөрү улутун сыйлабаса» деп комментарий калтырган.

«Урматтуу чекисттер! В Контакте сайтында АХМАД АСАДУЛЛАЕВ деп катталган эшектин турган жерин, дарегин, ким экенин тастыктап чыгып мыйзам чегинде чара көрөсүздөр деп ишенем! Бул киши кавказецпи, оруспу же башкабы ар бир сөзү үчүн жооп бериши керек», — деп кайрылган Саралаев.

Буга чейин Кыргызстандын күч органдары «Фэйсбук» колдонуучусун улут аралык кастыкка чакыргандыгы үчүн кармаган. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы чек арага чектеш жайгашкан Масы айылындагы өзбектер менен кыргыздардын мушташканына комментарий жазган болчу.

УКМК журналист Улукбек Бабакуловго дагы кылмыш козгогон. Ал «Фергана» басылмасынын сайтына коомдук тармактын колдонуучуларынын сөздөрүнө шилтеме жасоо менен макала чыгарган болчу. Андан тышкары «Фергана» басылмасынын сайты Кыргызстанда соттун чечими бөгөттөлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: