«Кыргызфильм» кыргыз тилинде мультфильм чыгарган студия ачты

Мамлекет студиянын жабдыктары үчүн эки миллион сом бөлдү. Кыргыз тилиндеги биринчи мультфильмди чыгаруу ушул жылдын ноябрь айына белгиленген.

Маданият министри Түгөлбай Казаков студиянын ачылышында кыргыз мультипликаторлорун чет жакта окутуу каралып жатканын айтты. Анын айтымында, маданият министрлиги Орусия, Баларус жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Студияда эпос жана жомокторду дагы тартканга болот. Азыркы техникалык өнүгүү бир адамдын сүрөтүнүн жардамы менен эле аны "жандатып" сала турган деңгээлге жетип калды. Анимация ушунусу менен өзгөчөлөнөт. Бизде жаш кинематографист кадрларды окутууга мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди Казаков.

Мамлекет тарабынан бөлүнгөн эки миллион сом компьютер жана кеңсе буюмдарын сатып алуу менен кызматкерлерди окутууга жумшалды.

Биринчи мультфильмдин жырыкка чыгуусу 2017-жылдын 17-ноябрына белгиленди. Ал эми 2018-жылы кичи эпосторго арналган мультфильмдерди чыгаруу каралып жатат.

Студия «Сандардын талашы (Цифры спорят)» аттуу биринчи кыргыз мультфильминин чыгышына 40-жыл толгондугуна арналып ачылган.

Сүрөт: «Вечерний Бишкек».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: