Ош: Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга 50 миллион сом которулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн менен Чоң-Алай райондорунун жергиликтүү бийлик органдарына жер титирөөдөн жана жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн 50 миллион сомдон ашык каражат которду.

Чоң-Алай районунда үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде бир катар жер титирөөлөр катталган. Андан жабыр тарткандарга 24 млн сом которулду.

Жер титирөөдөн улам 500-жакын үй жараксыз абалга келип, үч миңге жакын адам үй-жайсыз калган.

Мындан тышкары, Мамлекеттик камсыздандыруу кызматы айрым жабырлануучуларга 4 миллион сомдой төлөп берген. Бирок жапа чеккен адамдардын көпчүлүгүнүн үйлөрү мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн эмес.

Калган 26-миллион сом Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга которулду.

Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде табият кырсыктарынан 30 киши набыт болгон.

Аюу айылында жер көчкү 24 адамды басып калган. Куткаруучулар көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгүн алып чыгышкан, калган 16 адамды басып калган жер тилкеси маркумдардын көрүстөнүнө айланат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: