Ысык-Көл: Газ бекетиндеги жарылуудан өлгөндөрдүн саны беш адамга жетти

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ куюу бекетиндеги жарылуудан жабыркаган дагы бир адам дүйнө салды. Ал 19-июнь күнү денеси ар кандай оор даражада күйүп кеткендиктен улам ооруканага жаткырылган.

Бейтап денесинин 70 % күйүп кеткен оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага бардык медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок ага карабастан анын абалы начарлай баштаган.

Врачтар 7-июль күнү жабырлануучунун биологиялык өлүмүн айтышкан.

Учурда бейтапканада ар кандай даражадагы күйүктөрү менен дагы төрт жабырлануучу жатат.

Газ куюучу бекет 19-июнь күнү кечинде жарылган. Жарылуунун кесепетинен 52 жаштагы киши менен анын он жаштагы уулу мерт болуп, дагы сегиз киши жабыр тартышкан.

Калган жетиси оор абалда ооруканага жаткырылып, алардын бирине медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө коё беришкен.

Милиция жарылуу фактысы боюнча коопсуздук-техникалык эрежелер сакталбагандыгы үчүн кылмыш козгоду.

Белгилүү болгондой, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери 31-майда эле станцияны текшеришип, жабууну талап кылышкан. Бирок ага карабастан газ куюучу бекет ишин уланта берген.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, жарылуу газды сордуруп алуу учурунда болгон.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жарылуу боюнча иликтөөнү өзү көзөмөлгө алып, өлкөдөгү бардык газ куюучу бекеттерин текшерип чыгууга буйрук берген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: