«Орус интернетинин пионери» Антон Носик каза болду

Орус интернет тарыхындагы эң таасирдүү эсептелген фигура Антон Носик жүрөгү кармап 9-июлга караган түнү көз жумган.

Носиктин өлүмү боюнча биринчилерден болуп орус блогери Илья Варламов жана «Ведомости» басылмасынын ээси Демьян Кудрявцевдер кабарлаган.

Антон Носик биринчи кезекте 1990-жылдары бир канча популярдуу онлайн-маалымат булактарын түптөгөнү менен белгилүү.

Ал 1999-жылы түптөгөн «Лента.ру» веб сайты эң эле популярдуу жана узак мөөнөткө чейин көп окулган орус тилдүү жаңылыктар сайты болгон.

«Лента.ру» менен катар эле Носик өзүнүн учурунда белгилүү болгон «Газета.ру» вебсайтын ишке киргизген.

2000-жылдардын экинчи жарымында Носик СУП компаниясында «медиа-евангелист» болуп эмгектенген. Ал кезде аталган компанияга орус дүйнөсүндө эң белгилүү «Живой Журнал» ЖЖ тейлеме блогу таандык болчу.

Дал ошол Носиктин учурунда аталган платформа эң эле ийгиликтүү жылдарды кечирген. ЖЖдагы Носиктин жеке барагы өзүнчө табышмакка айланган. Анткени блог пайда болгондон баштап ушул жылдарга чейин орус интернетинде эң популярдуу баракчалардын тизмегин толуктап келет.

Носик орус бийлигинин туруктуу сынчысы болгон жана 2011-2013-жылдары оппозициянын каршылык акцияларына катышып жүргөн.

ЖЖ барагындагы «Сирияны жердин бетинен жоготуу» жазуусу үчүн 2015-жылы ага карата кылмыш иши козголгон.

Мамлекеттик айыптоо аны эки жылга эркинен ажыратууну суранганына карабастан, сот Носикке 500 миң рубль айыппул төлөө өкүмүн чыгарган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: