Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун президенттик шайлоого катышат

Турсунбек Акун президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырды, бирок Боршайком анын өтүнмө бергенин тастыктаган жок.

Турсунбек Акун өзүнүн талапкерлигин өзүнүн «Адам укугу» саясий партиясынын атынан коюуда.

Өзүнүн партиясын укук коргоочу 2015-жылдын январь айында расмий каттодон өткөргөн.

Буга чейин ал беш жыл аралыгында Кыргызстандын акыйкатчы кызматын аркалаган.

Ал кызматтан кеткенден кийин 2013-жылдан баштап укук коргоочулук менен алектенип келет.

Ошол эле 2013-жылы крим төбөл Азиз Батукаевдин бир туугандары «МК-Азия» гезитине берген маектеринде Турсунбек Акунду пара алган деп күнөөлөшкөн.

Алар билдиргендей, мурдагы акыйкатчы кылмышкерди абактан бошотуу үчүн 100 миң сом алган, бирок Турсунбек Акун бардык айыптоолорду четке каккан.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо

Боршайкомдун маалыматы боюнча, Кыргызстандын президенттигине талапкерлерден 17 арыз түшкөн.

Алардын арасында УКМКнын убактылуу абагында жаткан оппозиционер Өмүрбек Текебаев, мурдагы эки премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев жана парламенттин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу бар.

Мындан тышкары президенттик жарышка укук коргоочу Рита Карасартова жана Борбор Азия эл аралык университенин ректору Камилла Шаршекеева аттанууда.

Борбордук шайлоо комиссиясына арыздарын тапшырган талапкерлер өздөрүнун колдоосуна 30 миң кол топтоп жана курөө фондуна бир миллион сом өлчөмүндө акча төгүүлөрү керек.

Президенттике талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин уланып, шайлоонун өзү 15-октябрда өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: