Орусиялык укук коргоочу Пономаревго Кыргызстанга кирүү тыюу салынды

Виталий Пономарев Кыргызстандан экстремизмге каршы болуп өткөн форумдан кийин 5-июль күнү чыгып кеткен. Төрт күн өткөндөн кийин ал өлкөгө кайра кире албай койгон, кыргыз-казак чек арасында ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган акт берилген.

«Мемориал» укук коргоо борборунун башчысы Виталий Пономарев 9-июль күнү «Ак-Жол» өткөрүү бекетинен токтотулуп, ага Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салган акт берилген.

«Канча убакытка жана качан бул тыюу салынганы түшүнүксүз болууда. Мен азыр Казакстандамын, 11-июлда Москвага чыгышым керек болот», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде.

Ал 30-июндан 3-июлга чейин «Кылым шамы» укук коргоо уюму жана Норвегия Хелсинки комитети менен биргеликте экстремизмге каршы уюштурулган форумга катышкан.

Ал мейманканада кийимдерин калтырып коюп, 5-июль күнү Кыргызстандан чыгып кеткен.

Укук коргоочу анын форумга катышкандыгы Кыргызстанга кирбөөгө себеп болгонун айтууда.

«Биз ал жакта бир катар кылмыш иштерин талкуулап, күч органдарын сынга алганбыз», — деди ал.

Кыргызстандын бийлиги бул жөнүндө үн ката элек.

Виталий Пономарев кыргыз бийлигинин чечимин даттанаарын айтты.

Пономаревдун айтымында, мындай тыюуну Курманбек Бакиев башкарып турганда дагы беришкен, бирок 2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки Убактылуу өкмөт ага кайрадан өлкөгө кирүүгө мүмкүндүк ачкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: