Балыкчы-Каракол автожолунда жүргүнчү ташып бараткан минивен менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автомобиль бетме-бет сүзүштү. Бир аял реанимацияда көз жуумп, дагы он эки адам ооруканага жеткирилди.

Жол кырсыгы 10-июль күнү кечинде Бишкек-Балыкчы жолунда катталган. 14 жүргүнчү алып бараткан минивен «Мерседес» автоунаасы менен кагышып, натыйжада бир аял каза таап, он беш адам жабыркады.

Тоң райондук бейтапканага ар кандай оор жарат алган 12 адам жеткирилген.

«Бүгүн алты адам Ысык-Көл облусунун ооруканасына которулат», — дешти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Жол кырсыгынан минивенде бараткан Кажы-Сай айылынын 59 жаштагы тургуну каза тапкан.

Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат, жол кырсыгына күнөөлү тарап аныктала элек.

Жабыр тарткандардын тизмеси:

  • М. Чыңгыз — Бишкек шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган;
  • Б. Амидей жана Б. Амадео — Бишкек шаарынын тургундары, 2015-жылы туулушкан;
  • Б. Бегайым — Бишкек шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган;
  • А. Айзада — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1994-жылы туулган;
  • А. Адина — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну, 2011-жылы туулган;
  • С. кызы Кундуз — Ысык-Атанын тургуну, 1992-жылы туулган;
  • М. Кубанычбек — Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочусу, 1959-жылы туулган;
  • З. Айжан — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1998 жылы туулган;
  • К. Таалайбек —Бишкек шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган;
  • Т. Эржан — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1996-жылы туулган;
  • М. Бакыт — Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынын тургуну, 1990-жылы туулган;
  • М. Баяман — Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынын тургуну, 2013-жылы туулган;
  • М. Назик — Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынын тургуну, 1992-жылы туулган;
  • Т. Али — Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынын тургуну, 2015-жылы туулган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: