Бишкек: Жөө өтмөккө унаасын токтоткон генштабдын айдоочусуна 1000 сом айып пул салынат

Патрулдук милиция Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын айдоочсуна жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнө кызматтык унааны токтоткондугу үчүн миң сом айып пул салат.

«Заноза» басылмасы Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын унаасы жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнө токтоп турган сүрөт чыгарды.

Башкы штабдан Kloop.kgге билдиришкендей, алардын кызматкери Тыныстанов көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнө токтогонго аргасыз болгон.

«Ал жакта оңдоо иштери жүрүп жатат, адамдар машинасын коёрго жер жок, элдер бир жерге унаасын токтотуш керек да. Мен команда берем, машинаны алышат», — деп билдиришти башкы штабдан.

Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалайбек Бугубаевдин билдиришинче, жол белгилерин бузуу эрежелери үчүн машинанын ээсине 1000 сом айып салынат.

«Биз жетекчилигине жазма-буйрутма беребиз. Алардын автоинспекциясы бар. Алар дагы бул нерсени көзөмөлдөшү керек», — деди ал.

Сүрөт: «Заноза».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: