КСДПнын жаштар канатынын башчысы Ренат Самудинов.

КСДПнын жаштар канаты президенттик кызматка бирдиктүү талапкерди чыгаруу үчүн партиянын ичинде шайлоо өткөрүүнү сунуштады. Бул кадам партиянын жетекчилиги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү чечимине карама-каршы келет.

КСДП партиясынын жаштар канатынын башчысы Ренат Самудинов 11-июлда социал-демократтар президенттик жарышка чыга турган бирдиктүү талапкерди тандоо үчүн партиянын ичинде праймериз (партиянын ички шайлоосу) өткөрүүнү сунуш кылды.

«Праймериз — бул бир гана партияны эмес, ал өлкөдөгү парламентаризмди дагы бекемдей турган механизм», — деди ал Kloop.kg менен болгон маегинде.

Самудиновдун сунушу КСДП партиясынын саясий кеңешинин премьер-министр Сооронбай Жээнбековду бирдиктүү талапкер катары чыгаруу чечимине карама-каршы келет.

Жээнбековдун президенттик кызматка талапкер катары чыгарылышын учурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, өкмөт башчыны «өлкө үчүн жакшы тандоо болду» деп атаган.

Ал эми Жээнбеков өзү расмий түрдө борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өтө элек.

Бирок президенттик жарышка катышуу үчүн социал-демократтардын башка көрүнүктүү мүчөсү Чыныбай Турсунбеков документтерин тапшырды, ал ошондой эле партиянын атынан эмес, көз карандысыз талапкер катары чыгат.

Учурда социал-демократтар 15-июлда өтө турган партиянын чоң съездин жана алар аталган чогулушта бирдиктүү талапкер аныкталаарын күтүп жатышат.

Самудинов праймериз өткөрүүдөн «партияны чачырап кетүүгө алып барбаган сактап калуу жолун» көрүүдө. Анын айтымында, КСДПнын ичинде президенттик шайлоого катышуу үчүн бир канча социал-демократтардын башчылары аттанып жаткандыгы пикир келишпестиктерди жаратууда.

КСДП партиясынан президенттик кызмат үчүн жарышка премьер-министр жана спикерден тышкары жалпысынан үч адам аттанганы турат. Ошондой эле президенттик шайлоого Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов да катышкысы келет.

«[Бир канча талапкерлерди чыгаруу] бир партия үчкө бөлүнгөндүгүн билдирет. Албетте, пайыздык көрсөткүч ар кандай болушу мүмкүн, бирок [башка жактан караганда] бөлүнүү болуп жаткандай көрүнушү мүмкүн. Ал эми праймериздин жардамы менен партиянын атынан көп добуш алган талапкерди тандап алмакпыз жана жалпы партия бирдиктүү талапкер үчүн иштемек», — дейт Самудинов.

КСДП: Партияда жаштар канаты жок

Самудинов праймериз өткөрүүнү сунуштаган соң ал өзүнүн мүлкү боюнча милицияга суракка чакырылган, ал эми КСДПнын катчылыгы алардын партиясында таптакыр жаштар канаты жок экенин билдиришкен.

«Бүгүнкү күнгө чейин [Ренат] Самудиновдун иш-аракеттерине КСДП тилектеш мамиледе болчу. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин ал башка саясий биримдик түзүп, КСДПнын катарынан кетип жаткан болчу. Бирок Самудиновдун бул кадамдарынан кийин деле партиялаштар анын алдына түшүп партиялык иштерге тартыла тургандыгына макулдук беришкен», — деп билдирди партиянын басма сөз кызматынан.

Ушул эле билдирүүдө Самудинов жаштар канатынын «башчы» статусун ала албастыгын жана анын кандайдыр бир бөлүмдөрүнүн атынан чыга албай турганын кошумчалады.

Парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков шайлоого көз карандысыз талапкер катары чыкты.

Ал эми Самудинов 2007-жылы КСДПнын съездинде партиянын жаштар канатынын башчысы болуп шайланганын жана акыркы он жылда жаштар канатынын атынан Бишкектин шаардык кеңешине талапкер болуп жүргөнүн айтты.

Саясий кеңеште жаш социал-демократтар жок

КСДПнын жаштар кеңешинин мүчөсү Уларбек Бакырдиновдун айтымында, жаш социал-демократтар менен партиянын жетекчилигинин пикир келишпестиктери саясий кеңеште жаштар канатынын мүчөлөрү жоктугунун айынан болууда.

«[Саясий кеңешке] 39 адам кирет, алар биз эмне деп ойлоп жатканыбызды билишпейт. Биз алар кандай чечим кабыл алып жана эмнени ойлоп жатышканын билбейбиз. Ал эми алар дагы биздин чечим жана сунуштарыбыз жөнүндө билишпейт», — деди ал Kloop.kgге.

Бакырдинов партиянын съездин күтүп жатат, бирок анын ичиндеги «чачыроону» көргөн жок. Анын айтымында, шайлоо алдындагы талаш-тартыштар мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

«КСДП өтө чоң партия, ал жандуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Партиянын ар бир съезди — бул чоң окуя. Партиянын ар бир съездинин алдында ушундай чоң окуялар болот. Бул жакшы эле. Съезд бардык жыйынтыкты чыгарат», — деди ал.

Ошол эле учурда Бакырдинов праймериз өткөрүү сунушун колдойт. Анын айтымында, Самудинов жаштар канаты менен партиянын ичиндеги биригүүнү каалап жатат, ал эми биригиш үчүн бирдиктүү талапкерди тандап алуу керек.

«Партиянын ичинде праймериз сыяктуу механизм, натыйжалуулук жана партиялык көзөмөл керек. Бул биз бара турчу жакшы эле көрүнүш. КСДП жаңы замандын үлгүсу болуп, партиялар өзгөрүлүшү шарт», — деди жаш социал-демократ.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкерлердин бири.

Саясат таануучу Медет Төлөгөновдун айтымында, жаш социал-демократтардын жетекчиси менен болгон талаш-тартышы, жаштар канатынын «тандоого укугу жок болгону» үчүн болууда.

«Самудинов жаштар канатында көптөн бери иштейт. Жада калса шаардык кеңешке болгон шайлоодо аны өтө турбаган орунга коюп коюшкан. Бул деген партия ичинде жаш кадрлардын дайыма бааланбагандыгынын көрсөткүчү», — деди саясат таануучу.

Kloop.kgнин редакциясы КСДПнын саясий кеңеши менен байланышка чыгууга аракет кылып көрдү, бирок алар материал жарык көрүп жаткан учурда коментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калышты.

КСДП үчүн 2017-жылдагы шайлоо маанилүү

Төлөгөновдун айтымында, КСДПнын келечеги президенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша болот.

«Эгерде [КСДПнын талапкери] өтпөй калса, алардын жалгыз орду парламент болуп калат. Партия баары бир кичине чачыранды. Жылдын аягына чейин алар парламентте отура алышат, ал эми кийинки парламенттик шайлоого алар кандай киришет, мына ошол суроо бойдон калат. Жаштар канаты менен болуп жаткан нерсе абалды ого бетер курчутууда. Жада калса КСДП сыяктуу монолиттик партия көптөгөн суроолорду жаратууда», — деди Төлөгөнов.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда президенттикке талапкер катары мурдагы премьер-министрлерди жана депутаттарды кошкондо 20дан ашык адам катталды.

Келе жаткан шайлоо өлкө үчүн тарыхый болот, анткени бийлик бир шайланган президенттен экинчи шайланып келе турган өлкө башчыга өтөт. Мурда бийлик алмашуулар көтөрүлүштөрдүн натыйжасында болуп келген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: