Ысык-Көлдө эки студент чөгүп кетти

Ош мамлекеттик университетинин эки студенти 13-июль күнү Ысык-Көлдө сууга чөгүп кетишти. Кошумча эки студент жабыр тарткан, даарыгерлер алардын абалын канаттандыраарлык дешти.

Саламаттык сактоо министрилигинин басма сөз кызматы Kloop.kgге маалымдагандай, Ысык-Көл облусундагы Ынтымак айылынын жанындагы «Факел» пансионатында эки студент сууга чөгүп, дагы эки студентти куткарууга мүмкүн болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, студенттер катамаран тээп жүрушүп оодарылып кетишкен. Катамаран жээкке 30 метр жетпеген жерге ыргып кеткен. Ал эми андагы балдар жээккке чейин сүзүп чыга алышкан эмес.

«Катамаран тээп жүргөндүн баары эркек балдар болгон. Чөгүп кеткендердин тек-жайы такталды, алар 21 жана 23 жашта болушкан», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эсенбек Сатылканов.

Ошондой эле министрликтин басма сөз кызматы Kloop.kgге берген маегинде айтылгандай, жабыр тарткан эки студентке медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Алардын абалы канаттандыраарлык, ошол себептүү алар ооруканага жаткырылган жок», — дешти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: