Кыргыз дзюдочулары Азия чемпиондугунда алты медал жеңип алышты

Кыргызстан курамасына өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалды Адил Мырзаев алып келди. Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан турнирдин башталышында эки күн ичинде улуттук кураманын эсебине алты медал топтолду, бир алтын, бир күмүш жана төрт коло медал.

Финалда 73 кг салмактагы Азиянын дзюдо боюнча чемпиону Адил Мырзаев казакстандык дзюдочуну жеңди. Буга чейин Адил Сауд Арабия, Гонконг жана Өзбекстандан келген спортчуларын кулаткан.

Ал эми 66 кг салмак категориясындагы беттеште күмүш медалдын ээси болуп Нурсалим Иличбек уулу табылды. Финалдык беттешүүдө ал байгени Тажикстандын спортчусуна алдырып койгон.

Мелдеште өздөрүнүн салмактары боюнча коло медалдарды Кубанычбек уулу Айбек, Хамид Сансанза, Умарбек Амиражанов жана Айгерим Избасканова утуп алышты.

Турнир 13-июлда Бишкекте башталып 16-июлга чейин уланат. Мындай деңгээлдеги жана мындай даражадыгы таймаш өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Кыргызстандын атынан чемпионатта 40 спортчу катышып жатат. Жалпысынан Бишкекке 18 Азия өлкөсүнөн 338 жаш дзюдочу келген.

Турнирдин башталышындагы эки күндө медалдар үчүн 2000-2002-жылдары төрөлгөндөр таймашка чыгышты.

Калган эки күндө байгелүү орундар үчүн 1997-1999-жылы төрөлгөндөр ат салышышат.

Жалпысынан чемпионатка 32 даана медал коюлган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: