Жахед Чодури башка эркек (мусулман эмес) менен баш кошкон британ гей-мусулмандардын биринчиси болуп калды.

Ошондой эле бул жаңылык кызуу талкуу жаратууда, ал эми «Заноза» басылмасы Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы бир жыныстуу никеге тургандарды айыптаганы боюнча материал чыгаргандан кийин бул нерсе Кыргызстанда өзгөчө талкууга алына баштады.

Kloop.kgнин кабарчысы Нуржамал Жаныбекова диний башкармалыктын кызматкери Бахтияр Токтогазы уулуна гейлерге эмне кылса болуп-болбостугун түшүнүү максатында телефон чалды.

Диний башкармалыктын өкүлүнүн негизги эки билдирүүсү:

  1. Эркектер бири-бирин сүйсө болот, эгерде жыныстык катнаш болбосо. Тагыраак айтканда, баардык «маселе» бир гана жыныстык катнашта.
  1. Бачабаз мусулмандар баары бир мусулманбыз дешүүдө, бирок диний башкармалыктын версиясы боюнча алар «күнөөкөрлөр».

Маек абдан кызыктуу болгондугуна байланыштуу биз аны толугу менен (маанисине туура келбеген оңдоолордон тышкары) сөзмө-сөз чыгарууну туура көрдүк:

Токтогазы уулу: Муфтият мындай никеге турууну толугу менен айыптайт.

Нуржамал Жанибекова, Kloop.kg: Эмне үчүн?

Токтогазы уулу: Эгерде тарыхка көз чаптыра турган болсок, Куранда мындайча айтканда гомосексуализмге барган Лута эли жөнүндө жазылган. Аларга кандай жазалоо болгонун көрсө болот, исламда мындай көрүнүштөр айыпталат жана жазага тартылат.

Н.Ж., Kloop.kg: Мен жазага тартылаарын түшүндүм. Ал эми эмне үчүн айыпталат?

Токтогазы уулу: Анткени кудай, Аллах, эркек менен эркекти жана аял менен аялды жараткан эмес. Мунун максаты бар. Бул деген жөн эле эмес да.

Никенин бирден бир максаты — бул тукумду сактап калуу. Ал эми бир жыныстуу нике бул жараянды аткара албайт.

Н.Ж., Kloop.kg: Бала багып алып аны тарбяласа болот да...

Токтогазы уулу: Бул жерден алар баланы жөнөкөй адамдардан алып жатышпайбы. Өздөрү аны кыла алышпайт да.

Н.Ж., Kloop.kg: Сиз үчүн никенин негизи эмнеде?

Токтогазы уулу: Никенин бирден бир максаты — бул тукумду сактап калуу. Дагы башкасы жоопкерчилик. Аял алуу демек жоопкерчиликти алуу. Бар эмеспи ойноштук кылып каттоого алынбай жүргөн никелер. Бирок жоопкерчиликтүү болуш керек да.

Н.Ж., Kloop.kg: Никенин негизи сүйүү эмеспи?

Токтогазы уулу: Сүйүү никеге чейин же андан кийин дагы болушу мүмкүн. Мен ал гейлердин ортосунда сүйүү бар экенин дагы айта албайм. Алар кылып жаткан нерселер күнөө.

Н.Ж., Kloop.kg: Алар балалуу боло алышпагандан тышкары башка дагы кандай себептери бар?

Токтогазы уулу: Кудай эркек менен аялды жараткан. Ар биринин өзүнүн милдети, физиологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Бул жөн эле жаралган жок. Алар ушул нерсеге каршы барып жатышат.

Н.Ж., Kloop.kg: Эгер алар гей болуп төрөлсө, демек аларды кудай кошо жаратканбы?

Токтогазы уулу: Мен аларды кудай гей кылып жаратты дегенге макул эмесмин. Алар өздөрү бул жолду тандап алышкан. Эгерде кудай аларды ошондой жараткысы келген болсо, анда башында эки аялды жаратмак да. Бул нерсени кандай түшүндүрөөрүмдү билбей турам.

Н.Ж., Kloop.kg: Карама-каршылык алардын бир гана жыныстык катнашка баруусундабы? Элестетип көрсөк, мисалы алар бири-бирин сүйөт, бирок алардын ортосунда никеден кийин жана никеге чейин дагы эч нерсе болгон эмес.

Токтогазы уулу: Адам сүйүп жана кадимкидей эле бири-бирин сыйласа болот. Бул адамдардын ортосунда жыныстык байланыш болууда. Алар бири-бирине баш кошуп жатышпайбы. Адам сүйүп жана сый-урмат көрсөтө алат. Бул жерде эч бир жаман нерсе жок.

Н.Ж., Kloop.kg: Эгерде алар жыныстык байланышка барбаса, сиз аларды айыптабайт белеңиз?

Токтогазы уулу: Эгерде алар баш кошпой, жаман нерсеге барбай, ортолорунда бир гана сүйүү жана урматтоо болсо, анда бул жерде эч кандай тыюу жок.

Н.Ж., Kloop.kg: Эгерде алардын ортосунда сүйүү болуп жыныстык катнаш болбосо, алар бирге боло алышабы?

Токтогазы уулу: Эгерде алардын ортосунда [жыныстык байланыш] болбосо, анда алар гей эмес.

Н.Ж., Kloop.kg: Ким анда?

Токтогазы уулу: Жөнөкөй адамдар.

Н.Ж., Kloop.kg: Сиз эркек менен эркек бирин-бири сүйүп, бирок ошол эле учурда алардын ортосунда жыныстык байланыш жок болгону жакшы экенин моюнга аласызбы?

Токтогазы уулу: Ал үй-бүлөлү адам болушу деле мүмкүн. Алардын ортосунда жыныстык байланыш болбошу деле мүмкүн, алар бирин-бири сүйүшөт жана сыйлашат. Бул жерде эмнеге тыюу болушу мумкун? Эгерде жыныстык катнаш болсо, анда бул айыпталат.

Н.Ж., Kloop.kg: Эгерде жок болсочу?

Токтогазы уулу: Эгерде таптакыр эле жыныстык байланыш болбой, болгону сүйүү жана сый-урмат болсо, анда эч кандай тыюу жок.

Н.Ж., Kloop.kg: Гей-мусулман болсо болобу?

Токтогазы уулу: Бул айыпталуучу чоң күнөө. Нике деген бир башкача иш… Эгерде ал адам динде болгон болсо, ал нерсе туура келбейт.

Н.Ж., Kloop.kg: Динде бир тууган жана карындаштарды айыптоого болбойт деп айтылат...

Токтогазы уулу: Эгерде исламда кандайдыр бир күнөө кылса, анда башкасы ага келип ал тууралуу айтса болот. Эгерде ал ачык эле андай нерселерди колдоп жатса, күнөө тарта турган нерсе экенин көрүп туруп унчукпай койсо… ал айтышы керек.

Н.Ж., Kloop.kg: Алар мусулман эсептелбей калабы?

Токтогазы уулу: Алар күнөөкөрлөр.

Н.Ж., Kloop.kg: Бирок баары бир мусулмандарбы?

Токтогазы уулу: Ооба. Бирок эгерде алар ошондой экенин айтып туруп ал нерсени колдошсо, анда бул динчилдикке туура келбейт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: